Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

NRC: Ооганстандын экономикасы кыйроо алдында турат


Кабулдун четиндеги кирпич заводу, 26-сентябрь 2021-жыл.
Кабулдун четиндеги кирпич заводу, 26-сентябрь 2021-жыл.

Норвегиядагы качкындар кеңеши (NRC) Ооганстандын экономикасы кыйроо алдында турганын, өлкө гуманитардык катастрофа коркунучуна кептелгенин эскертти.

Уюмдун баш катчысы Ян Эгеланн 27-сентябрда Кабулдагы сапары маалында билдиргендей, Ооганстанда нак акча жетишсиздигинен банк системасы кыйрап калышы мүмкүн.

"Биз абанын температурасы 20 градуска чейин төмөндөй турган кыш мезгилине чейин адам өмүрлөрүн сактап калуу үчүн убакыт менен жарышып жатабыз. Жер которууга аргасыз болгон жүз миңдеген адамдарга жакынкы жумаларда баш калка, жылуу кийимдер жана тамак-аш керек", - деди Ян Эгеланн.

Норвегиядагы качкындар кеңешинин маалыматы боюнча, быйыл январь айынан бери Ооганстанда 664 миң адам жер которду. Натыйжада алардын жалпы саны 3,5 миллион кишиге жетти.

Августун ортосунда "Талибан" кыймылы Кабул шаарын ээлеп, эл аралык коомчулук тааныган ооган өкмөтү кулагандан кийин дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Ооганстанга бериле турган жардамдарын убактылуу токтоткон.

Норвегиялык уюмдун маалыматына ылайык, Ооганстанда ар бир үч адамдын бири ачка отурат. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы жүргүзгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, акыркы бир аптада Ооганстандагы үй-бүлөлөрдүн 93% тоё тамак жеген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG