Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Казак элчиси Кабулда “Талибандын” министри менен жолукту


Казак элчиси Алимхан Эсенгелдиев (солдо) менен “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки, Кабул шаары, 26-сентябрь 2021-жыл.
Казак элчиси Алимхан Эсенгелдиев (солдо) менен “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки, Кабул шаары, 26-сентябрь 2021-жыл.

Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев 26-сентябрда Кабул шаарында “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукту. Казакстандык маалымат каражаттары жазгандай, бул жогорку даражалуу казак расмий өкүлүнүн талибдер менен алгачкы сүйлөшүүсү.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө Ооганстандагы радикал топтун аты аталган жок. Анда Муттаки “Ооганстандагы убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу” деп мүнөздөлдү.

Министрликтин басма кызматынын маалыматына ылайык, эки тарап “ооган элине азык-түлүк жана башка гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин” талкуулашкан. Ошондой эле, талиб өкмөтүнүн министри Ооганстандагы жаңы бийлик региондогу мамлекеттер менен тынч мамиле түзүүнү көздөй турганын айткан.

Өткөн аптада Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегация Кабулга гуманитардык жардам жеткирип, "Талибандын" жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар сыяктуу талиб жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген.

Бул талибдердин ооган бийлигин колго алгандан берки Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку жетекчилери менен ачык жарыяланган алгачкы жолугушуусу болуп калган.

Борбор Азияда Кыргызстан менен Казакстандан тышкары Өзбекстан да Ооганстандагы талиб өкмөтү менен диалог куруу зарыл экенин билдирип келет. Тажикстан чөлкөмдөгү бир топ өлкөлөрдөн айырмаланып, “Талибандын” бийлигин тааныбай турганын ишарат кылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG