Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Кой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаев алынып келди


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Апрель айынан бери ар кандай себептер менен улам кийинкиге жылдырылып келген Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму Биринчи май райондук сотунда карала баштады. Сот залына бул иш боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, саясатчы Равшан Жээнбеков алынып келди.

20-сентябрга белгиленген сот отуруму айыпталуучулар, жабырлануучулар жана адвокаттар толук келбегендиктен 27-сентябрга жылдырылган эле.

2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш ишинде Атамбаев, Ниязов, Жээнбековдон сырткары депутаттар - Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев баштаган ондон ашык киши айыпталууда.

Алмазбек Атамбаевге мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда жалпы беш кылмыш иши козголгон. "Батукаев иши" боюнча Атамбаевдин сот өкүмү 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилген.

Бирок Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Өткөн апталарда Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча Атамбаевге кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түрк жаранына кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын угузган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG