Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:00

Ишкерлер мамлекеттик органдардагы бюрократияга нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкерлик кеңешке үч айдын ичинде кайрылган ишкерлердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик органдардын ишине канааттанбастыгын билдирген. Бул тууралуу аталган кеңеш 27-сентябрда кабарлады. Кайрылуу ээлери салык кызматкерлеринин ишине жана мамлекеттик органдардагы бюрократияга, жылдап созулган соттук териштирүүлөргө нааразылыгын билдиришкен.

"Мындан тышкары милиция, прокуратура жана сот органдарынын аракетсиздигине, соттук териштирүүлөрдүн жылдап создугуусуна, ошондой эле сот органдарынын негизсиз чечимдерине дооматтар арбын",-деп жазылган билдирүүдө.

Антикоррупциялык кеңешке келип түшкөн даттануулардын ичинде жергиликтүү бийлик тарабынан ыксыз текшерүүлөр күч алганына нааразылыктар бар.

Президенттин алдындагы антикоррупциялык кеңеш коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу максатында түзүлгөн. Аталган кеңешке акыркы үч айда 19 кайрылуу түшкөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG