Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

ЕАЭБдин Ысык-Көл саммитин уюштурууга 18 млн. сом сарпталган


Инвестициялар министрлигинин имараты
Инвестициялар министрлигинин имараты

Ысык-Көлдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык саммитин уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 18 млн. сом сарпталган. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Депутат Улан Примов бир күндүк саммитке эмне себептен мынча көп акча сарпталганына кызыкты.

"Толук маалымат бергиле, бул суммадагы акча кандай максатта сарпталган? Министрлердин жеген-ичкенинен тартып, тыйынына чейин маалымат күтөбүз. Экинчиден, августта өткөн жыйынга сарпталган акча тууралуу маалыматты бизге сентябрдын башында алып келген жоксуңар", - деди депутат.

Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өткөн.

Комитет отурумунда жаңы өкмөттүн курамындагы Инвестициялар министрлигин түзүүгө 12 млн. сом сарпталганы белгилүү болду. Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясовдун депутаттарга маалымдаганы боюнча, бул каражат министрликти түзүүгө жана жаңы имаратка жайгаштыруу үчүн сарпталды. Министрдин орун басары ушул тапта Инвестициялар министрлигинин кызматкерлерине иштөө үчүн тиешелүү шарт жоктугун белгилеп, алардын толук иштөөсүнө депутаттарды көмөктөшүүгө чакырды.

Министрлер кабинетинде төрт ай мурун Инвестициялар министрлиги түзүлгөн. Курамында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Банкроттук иштер боюнча департамент жана “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси бар. Инвестициялар министрлигин Алмамбет Шыкмаматов жетектейт.

Жыйында айрым эл өкүлдөрү министрликтин маалыматтарын сынга алышты. Депутат Улан Примов министрлик түзүлгөнү менен сырттан инвестицияларды тартуу солгундап жатканын белгиледи.

Баясовдун депутаттарга берген маалыматына караганда, Кыргызстанга 2021-жылдын 6 айында сырттан келген инвестициянын көлөмү 95,4% өскөн. (ZKo)

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйыны

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG