Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Тендер: жаңы мыйзамдын күңгөйү жана тескейи


Өкмөт үйүнүн имараты.

Мамлекеттик мекемелерге 5 миллион сомго чейинки каражатты түз колдонууга уруксат берген мыйзам долбоору ишке кирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" документти дароо үч окуудан колдоп, 11-августта президент кол койду.

Өзгөртүүнүн өзөгү

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга ушуну менен экинчи жолу өзгөртүү киргизип жатат. Алгачкысы айыл өкмөттөргө тиешелүү болуп, жыл ичинде бир миллион сомго чейин түз сатып алуу жүргүзүүгө уруксат берилген. Жаңы мыйзамга бардык мамлекеттик компаниялар камтылып, сумма 5 миллион сомго чейин көтөрүлдү. Мыйзамда буга чейин тендерге катышкан компаниялардын ичинен эң төмөн бааны сунуштагандарга артыкчылык берилип келсе, эми сапатка көңүл бурула турганы да жазылган. Эгерде компаниялар сунуштаган товардын сапаты бирдей болуп чыкса гана баага маани берилет.

Документтин автору Улукбек Ормонов мыйзам долбоору мамлекеттик мекемелердин ишин жеңилдетет деп эсептейт.

Улукбек Ормонов
Улукбек Ормонов

“5 миллион сомго чейинки товарды түз сатып алуунун да жолдору бар. Мисалы маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына эки күнгө жарыяланат. Орточо базар баасынан кымбат болбошу керек. Буга чейин мамлекеттик окуу жайлар кыйналып жүрүшкөн. Биз жеңилдик болсун деген максатта сунуштап чыктык. 5 миллион сом – көп каражат эмес. Бир жылга бөлүштүрө келгенде аз эле чыгат. Анын үстүнө азыр кымбатчылык күч алды. Ошонун баары эсептелип чыкты. Мурда уруксат берилген 1 миллион сомдук чектөөгө бат эле жетип, кайра тендерге көз каранды болуп келишкен”.

Президенттин сайтында жарыяланган мыйзамда көңүл бура турган жагдайлар дагы бар. Ал – “Купуя сатып алуулар жөнүндөгү” берене. Ага ылайык, мамлекеттик компаниялар аскердик, илимий-техникалык, тышкы экономикалык сыяктуу сатып алууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү купуя өткөрө алат. Мындан тышкары сатып алуучу уюмдун атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизе турган, же болбосо коммерциялык сыр деп эсептелген сатып алуулардын жүрүшү ачыкталбайт. Сатып алуулардын кайсынысы купуя экенин мамлекеттик мекеме өзү аныктайт.

Мыйзамга Садыр Жапаров 11-августта кол койду.
Мыйзамга Садыр Жапаров 11-августта кол койду.

“Прецедент Групп” юридикалык компаниясынын директору Эдил Эралиев мыйзамдын тобокелчиликтери жөнүндө мындай деди:

“Буга чейин мамлекеттик мекемелер жарыялаган тендердин жүрүшүн Мамлекеттик сатып алуулар департаментинен көзөмөлдөп келгенбиз. Эми купуя деп эсептелген сатып алуулар порталга жарыяланбайт. Биз аларды толугу менен жоготуп жатабыз. Жыл сайын миллиарддаган каражатка сатып алуулар жүрөт. Эгерде кайсы бир мекеме коомчулуктун тендердин жүрүшүн көзөмөлгө алуусун каалабаса, анда купуя катары өткөрө берет. Маселе ушунда. Жаңы мыйзам мамлекеттик мекемелерге жең ичинен сатып алуу жүргүзүүгө жол ачып жатат”.

Түз сатып алуу менен тендер, же конкурс аркылуу сатып алуунун айырмасына токтололу. Түз сатып алууда тендердин шарттары толук сакталбайт, бир катар жеңилдиктер бар. Мындан тышкары сатып алуу, кызмат алуу боюнча маалыматтар Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына эки күнгө гана илинет. Ал эми тендер боюнча маалымат аз дегенде Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына бир жумадан үч жумага чейин коюлат.

"Түз сатып алуу ачыктыктан алыстатат"

Мамлекеттик сатып алуулар порталы 2015-жылы иштеп баштаган. Мамлекеттик мекемелер сатып алуу, кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен интернет портал аркылуу жүргүзөт. Азыркы күндө порталга катталган 4200дөн ашык сатып алуучу, аларга кызмат көрсөтө алган 29 миңден ашык компания бар. Иликтөөчү журналисттер аталган порталдагы маалыматтарды иргеп, коррупциялык көрүнүштөрдү, кызыкчылыктар кагылышын аныктап келишкен.

Мисалы журналист Болот Темировдун командасы соңку жолу “Унаа” мамлекеттик ишканасындагы тендер коррупциясын иликтеп чыккан. Анда президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаевдин аты аталып, 518,5 млн. сомдук тендерди уткан “Гознак” компаниясына катыштыгы бар экенин жарыялашкан. Жыйынтыгында Түмөнбаев кызматтан кеткен.

Болот Темиров
Болот Темиров

“Биз мыйзамга каршыбыз. Анткени ачык коом деген түшүнүктүн жоголушуна шарт түзөт. Түз сатып алуунун терс жактары абдан көп. Анткени анда атаандаштык жок. Мамлекеттик мекеменин жетекчиси тааныштары менен иштеше баштайт. Кымбат баада сатып алышы толук мүмкүн. Ал жөнүндө эч ким билбей калат. Себеби маалымат эки гана күнгө илинет. Баары ачык болгон азыркы маалда эле коррупция көп болуп жатат. Эми жашыра турган мүмкүнчүлүк пайда болгондо күчөшү толук мүмкүн”.

"400 нан сатып алыш үчүн толтура документ керек"

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров мамлекеттик сатып алууларды толугу менен жеңилдетип, көзөмөлдү башкача жүргүзүш керек деп эсептейт. Тендердин айынан экономикалык аймакка алып барган жолду оңдоо иштери үч айга кечиккенин айтат. Анткени алар жарыялаган тендердин суммасы аз болуп, эч ким катышпай койгон. Тайчабаров мындай мисалдар абдан көп экенин кошумчалады.

Кудрет Тайчабаров
Кудрет Тайчабаров

"Өткөндө "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы бала бакчага 400 нан сатып алыш керек болуп калды. Бул түз сатып алууга кирет. Бирок документке байланыштуу ызы-чуусу көп. Бир жумадай убакыт кетет экен. Кайсы наабайчы кагаздарды көтөрүп чуркамак эле? Анын ордуна 400 нанды мындай эле сатып жибербейби. Бул болбогон нерсе да. Ошондой эле, сага керек товар базарда 100 сом турганын билесиң. Бирок тендерге катышкан компания 120 сомго сунуштайт. Айла жок аласың. Албасаң арызданышат. Түз сатып алуунун да мүчүлүштүктөрү көп экен. Бул мыйзам да маселени толук чечпейт. Биздеги майда ишкерлер документ чогултпайт. Эт менен нан саткан кишиде каяктагы документ? Көзөмөлдү башкача жүргүзүш керек деп ойлойм".

2020-жылы 48,2 миллиард сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргөн. 2019-жылы бул сумма 62 миллиард сомдон ашкан эле. Быйылкы жылдын сегиз айында мамлекеттик мекеме, компаниялар 73,9 миллиард сомго сатып алууларды жүргүзгөн.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам 26-августта күчүнө кирген. Эми кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде өзүнүн чечимдерин аталган мыйзамга ылайык келтириши керек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG