Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Ташиев фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын билдирди


УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачышканын жарыялады.

Бул тууралуу ал Алай районунда 26-сентябрда, УКМКнын жаңы имаратынын ачылыш аземинде айтты.

"Кечээ эле мага Кыргызстанда фармацевтикалык мафия бар экенин айтышты. Биздеги дарылар үч эсе кымбат баада, айрымдары кээде он эсе кымбат сатылат экен. Мунун баары атайын уюштурулуп, фарммафияда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер катышыптыр. Биз алардын бетин ачтык. Эми дүйшөмбүдө коомчулукка кенен маалымат беребиз".

Ошондой эле, атайын кызматтын жетекчиси өлкөдө бензиндин баасын кымбаттатып жаткан да "атайын мафия бар" деп, УКМК кызматкерлерин мындай көрүнүштөрдүн бетин ачууга чакырды.

Кыргызстанга дээрлик 95% фармацевтикалык каражаттар чет өлкөдөн импорттолот.

Өлкөдөгү дарыларды көзөмөлдөө жана сатууга уруксат берүүнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ишке ашырат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG