Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

"Ош-Тазалыктын" сынга кабылган сүрөтү


"Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы бөлүшкөн сүрөт.
"Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы бөлүшкөн сүрөт.

"Ош-Тазалык" ишканасы кызматкерлерине униформа таратып жаткан сүрөттөрү социалдык тармактарда сынга кабылды. Интернет колдонуучулар сүрөттү ар кандай чечмелеп жатышат.

Бул маселе айлык акынын аздыгынан мындай жумушта жалаң улгайган кишилер иштеп, эмгектери бааланбайт деген пикирлерге жем таштады. "Ош-Тазалыкта" курагы 60 жаштан ашкан кызматкерлер 70 пайызды түзөт. Алардын айлыгы орто эсеп менен 8 миң сом.

Сүрөттө "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов улгайган курактагы кызматкерине форма кийгизип жатканы тартылган. Артында 3-4 эркек киши карап турат.

Исмаилов "Азаттыкка" берген интервьюсунда сүрөттүн талкуу жаратканын мындайча түшүндүрдү:

Нурбек Исмаилов.
Нурбек Исмаилов.

"Атайын униформа берилбей калган эле. Быйыл күзгү форманы атайын тиктирип бердик. Өлчөмү туура келгенин текшерип көрүү үчүн кийгизип жатканда тартылган сүрөт. Пиар кылуу максатыбыз деле жок болчу. Сүрөттүн чыкканы бир чети туура болду. Мисалы, жаштар бул ишке барбайт. Шыпыруучу, жүктөөчүлөр жалаң 60тан өткөн энелер, аксакалдар. Эгер жаштар кыйын экен энелерди, апаларды чыгарбай өздөрү иштесин. Таштандыларды жолго, аялдамаларга таштап кетип аткандар ошол жаштар эмеспи. Ошонун баарын ушул апалар тазалап жатканын билишсин, эстешсин".

Сүрөт жарыяланган соң ал отчет иретинде тартылганын айтып, бир топ колдонуучулар "Ош-Тазалыктын" таламын талашып чыгышты. Ошол эле учурда мамлекеттик ишканалардын маалымат кызматтары кенедей ишти көбүртүп берип жатканын сындагандар да болду.

"Бул сүрөттү койгондорду урушпагыла, байболгур. Миң сөгүнсөң деле чындык ушул. Бул апалар алган айлыкка өзүнүн үй ичинен башка жакты таштанды салчу үкөктөй көргөн көпчүлүктүн чачкан ыпыр-сыпырын таң атпай шыпырмак мындай турсун, ордумдан козголомбу деп бир сурайлычы өзүбүздөн. Бул сүрөт, билгенге, тазалыкка чакырган тагдырыбыз. Эсиңе кел, уял, карынын каргышына калба деген эскертүү", - деп жазды мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Нуржигит Кадырбеков.

“Көпчүлүк эле жергиликтүү муниципалдык ишканалар, комитеттердин башчыларынын айланасы ушундай кара футболкачан, сакалчан спортчулар менен курчалган. Бул - ошолордун баарын чагылдыргандай эле сүрөт”,-дейт медиа эксперт Данияр Садиев.

Ал эми жарандык активист Алтын Капалова той-ашта улгайган аялга кийит кийгизип, күнүмдүк турмушуна назар салбаган кыргыз коомуна бүгүнкү турмуш чындыгы катуу тийгенин жазды.

"Кыргызстанда аялзаты өмүр бою тыным билбейт. Иштейт, кайын-журтуна кызмат кылат. Улгайган кезде гана башкалардын кызматын көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Абдан аянычтуубу, катуу тийдиби? Ошондуктан сүрөттөгү албан субандай эркектердин көрүүчү болуп туруп, улгайган аялдын көчө шыпырганы биз көнүп калган системанын чынжырын катуу силккендей болду. Биз өзүбүз тууралуу эч качан минтип ойлогон эмеспиз да. Бизде улгайган аял тойлордо гана кожокөрсүн үчүн ак элечек кийип, төрдө сый көрөт. Күнүмдүк жашоодо тытылган бут кийим менен көчө шыпырат. Биздин аялдар мээ кайнаткан ысыкта, ызгаар кышта тынч отура албаганы үчүн көчөдө иштеп жаткан жок. Буга мамлекеттин пенсия менен жетиштүү камсыздабаганы себеп болду ", - деп жазды Алтын Капалова Фейсбук баракчасына.

Ош шаарынын тургуну, журналист Зулфия Тургунова "Ош-Тазалыктын" маалымат кызматы этиканы бузду деп эсептейт.

Зулфия Тургунова.
Зулфия Тургунова.

"Катардагы эле жөнөкөй иш чараны чоңойтуп көрсөтүп жатат. Балким, ошол эне коомчулукка ачык чыгууну каалабаган чыгар. Анын туугандары бул сүрөттү көрсө кандай абалда болушу мүмкүн. Ушундай жагдайларды да эске алышса болмок".

"Ош-Тазалыктын" жетекчиси "сүрөт кандай жарыяланып кеткенин билбейм" дегени менен "Фейсбуктагы" баракчасында бир топ убакытка илинип туруп, кийин өчүрүлдү. Ал билдирүүнү Ош шаардык мэриясынын баракчасы да бөлүшкөн эле.

"Ош-Тазалык" - шаарда 220 миң кишини тейлеп, жылдык бюджети 90 миллионго чукулдайт. Өзүн-өзү тейлеген ишкана болгонуна карабай 2021-жылкы бюджеттен 23 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG