Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Стадиондо жашаган жалгыз бой эне


Калбүбү Жамилова.
Калбүбү Жамилова.

Оштогу борбордук стадиондун кийинип-чечинүүчү жайында убактылуу баш калкалап жүргөн эки балалуу жалгыз бой аял Калбүбү Жамилова 20 жыл мурда Тажикстандан көчүп келген.

Калбүбү Жамилова Кыргызстандын жарандыгын алганына он жыл болду. Ошондон бери "үй салат элем" деп шаар бийлигинен жер тилке сурап, ала албай жүрөт.

- Мен Тажикстандын Мургаб районунан 1989-жылы келгем. Ошондон бери ушул стадиондо жашайм. 2009-жылы кыргыз жарандыгын алгам. Андан кийин жер тилке алуу үчүн документ тапшырдым.

48 жаштагы Калбүбү Жамилова Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо кароолчу болуп иштеп, ошол эле стадиондун чечинип-кийинүүчү жайынын бөлмөсүндө эки баласы менен жашайт. Ал эки бөлмө стадиондун чыгыш секторундагы отургучтардын астында жайгашкан:

- Бөлмөдөн түтүк аркылуу муздак суу өтөт. Мен ал түтүктү кагаз менен ороп койгом. Бөлмө ным тартып турат. Эртең менен уйкудан турганда кадимкидей суу болуп калабыз. “Күчтүү тамак жесе оорубайт” деп тапкан акчамды балдарымдын тамагына жумшайм. Бул жерден курак учук болуп калышыбыз ыктымал. Ошентип жашап келатабыз. Жер алууга аракет кылып жатам. Бирок жыйынтык жок.

А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун чыгыш сектору.
А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун чыгыш сектору.

Калбүбү Жамилованын кызы 13, уулу 11 жашта. Өзү кант диабети менен ооруйт. Кароолчулуктан тышкары “Ош тазалык” ишканасында да иштейт. Эки жумушунан алган айлыгы 11 миң сомго жетпейт:

- Балдарыма жөлөк пул алуу үчүн документ тапшырсам "айлыгың көп экен" деп жөлөк пул бербей коюшту. Тапканым тамак-аштан артпайт. Кудайга шүгүр эл жардам берип турат. Жакында кыргызга белгилүү бир ырчы кыз көмүр түшүрүп берди. Башка жакка барып иштөөгө ден соолугум жарабайт. Балдарымды да кимге таштап кетээримди билбейм. Мен түнкү саат төрттө жумушка чыгам. Балдарды сыртынан жаап кетем. Анан эртең мененки саат сегизде келип, окууга жөнөтөм. Алар окуудан келгенче кайра барып иштеп келем. Балдарым чоңоюп келатат. “Биз ушундай үйдө жашай беребизби?” деп намыстанышат. Жер тилке эле алсам эптеп үй тургузуп алмакмын.

Калбүбү Жамилова.
Калбүбү Жамилова.

Ош шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай департаментинин турак жай бөлүмүнүн адиси Асейин Алымов Калбүбү Жамилова арыз менен кайрылганын тастыктап, бирок азырынча үй менен камсыздоо мүмкүн болбой жатканын билдирди.

- Жамилова Калбүбү Ош шаардык мэриясына 2012-жылы октябрь айында арыз менен кайрылган. Ошондой эле тийиштүү документтерин тапшырган. Үйгө муктаж жаран катары бул эженин документтери Ош шаар мэриясында каттоодо турат. Бирок азыркы учурда Ош шаардык мэриясында үй менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болбогондуктан Калбүбү Жамилованын кайрылуусу аткарылбай турат. Келечекте бул маселе чечилет.

Калбүбү Жамилованын айтымында, анын жер тилкеси үчүн берген мурдагы арызы жоголуп кеткен. Азыркы үй менен стадионду кайтарганы үчүн деп, спорт мекеменин жетекчилиги убактылуу камсыз кылган экен.

Кышкысын эки бөлмөнү мешке көмүр жагып жылытат. Оштун борбордук стадионунда баш калкалаган эки балалуу жалгыз бой энеге кийим-кече, тамак-аштан жактан жардам бергендер да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG