Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Жалал-Абадды жадаткан "жапайы жатактар"


Рейдден бир көрүнүш.
Рейдден бир көрүнүш.

Жалал-Абад шаарынын тургундары батирлерди мейманкана катары колдонуу, суткалап ижарага берүү мыйзамсыз иштер менен коштолуп жатканына даттанып чыгышты.

Батирди ижаралагандарга милиция да азырынча чара көрө албай, айып акча менен гана чектелип жатат.

Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндөгү №11 көп кабаттуу үйдөгү батирлерди мейманкана катары колдонуу мында жашаган жашоочулар арасында нааразычылыктарды жаратууда. Шаар тургуну Гулиза Челманова батирлер сойкуканага айланып калганын айтып кейиди:

- Бул жерде жашаганыма үч жыл болду. Мейманкана катары берилген батирлер тынчыбызды алып, балдар менен жашоого такыр болбой калды. Бөбөктөр ойноочу аянтча, корообуздун алды жаман буюмдарга толот. Балдар ыргытылган презервативдерди алып, шар катары үйлөп жүргөн учурлар болот. Биз жашаган батирден жогорку кабаттарда күндө тополоң, ызы-чуу болуп, ар кандай үндөр угулат. Арак ичкен кыздар келет. Балдардын жанында уялат экенсиң. Эми буга кимдир бирөө чара көрүшү керек да.

60 батирлүү көп кабаттуу үйдө онго жакын батир ушундай максатта колдонулат. Мындан сырткары жакынкы аймактагы башка көп кабаттуу үйлөрдө да мейманканага айланган батирлер арбын. Шаар тургуну Зарина Нуралиева “жашоочулар тартип сакчыларына бир нече ирет кайрылганы менен мейманканалар ишин токтоткон жок”, - дейт:

- № 11 көп кабаттуу үйдүн биринчи подьездинде эле Алмазова Мавлюдага таандык жети батир бар. Учурда башка бир топ батирлер да ушундай жол менен иштетилип жатат. Алардын ээлери салык төлөйбү же жокпу? Албетте текшерген эч ким жок. Участкалык милицияга бир нече жолу арыздандык. Бирок мыйзамдуу негизде алар да айып акчадан башка чара көрө албастыгын айтты. 7 миң сомду Мавлюда эже төлөп коюп эле, кайрадан ишин улантып жатат. Жакында эле суткалык батирдин кардарлары үйүмдүн каалгасын сындырып кетишти. Кечкисин коркконубуздан сыртка чыга албай калдык. Наркомандар, мастар, ар кыл адамдар келип, таңга чейин ызы-чуу басылбайт. Жергиликтүү бийликке да кайрылып көрдүк. Бирок суткалык батирлер ишин токтоткон жок.

Кыргызстанда 2017-жылдын январь айынан баштап көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Мыйзамда көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди саатына жана күнүмдүк мейманкана катары пайдаланууга бергендерди административдик жоопкерчиликке тартуу, айып пул салуу каралган.​ Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков буларга токтолду:

Мыктыбек Турдубеков
Мыктыбек Турдубеков

- Милиция “Көп кабаттуу турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу” фактысы боюнча гана чара көрө алат. Анын негизиндесуткалап батир колдонгон адамга карата эки жолу административдик протоколдор толтурулуп, 7 миң сомдон айып акча салынган. Андан башка эч кандай чара колдоно албайт экенбиз.

Батирлердин ээси катары саналган Алмазова быйыл жыл башынан бери эки жолу административдик жоопкерчиликке тартылып, ага айып салынган. Жалгыз бой эне Мавлюда Алмазова турмуш шарттын айынан батирин ижарага берүүгө мажбур экенин айтты:

- Жолдошум каза болгондон бери балдарымды батирлерден түшкөн акча менен багып жатам. Күйөөм убагында бир канча батирлерди сатып алган экен. Тургундардын айткандарына кошулбайм. Алыстан келген адамдар, кээде туристтер эс алып кетишет. Эч кимге зыяны тийген жок. Эгерде мага карата ушунчалык каршылык күчөсө, суткалык батир берүүнү токтотом.

Батир ээлери айына бир батирден 30 миңден 50 миң сомго чейин акча табышат. Бирок кирешеден мамлекетке салык төгүшпөйт. Бул ишкердиктин түрү Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда жакшы өнүккөн.

Касымжан Дыйканбаев.
Касымжан Дыйканбаев.

Жалал-Абад шаардык салык кызматында көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди күнүмдүк ижарага берген жеке ишкерлер каттоого алынган эмес. Анын жетекчиси Касымжан Дыйканбаев ишкерликтин бул түрү шаарда эми гана такталып жатканын айтты:

- Суткалап батир иштеткен адамдарды тактоо маселесикыйын болуп жатат. Учурда көп кабаттуу үйлөрдөгү квартал башчылары (домкомдор) ошондой батирлердин санын тактап жатат. Бизде турак жайларды ижарага берүү боюнча гана патент менен иштеген ишкерлер бар. Ал эми суткалык батирди ижаралагандар каттообузда жок. Ижарачылар ал үчүн келишим менен иш алып барышы керек. Бирок иш жүзүндө антип аткаруу кыйын. Шаардык салык кызматы негизги көзөмөлдү батирлерди мейманкана катары колдонгондорго буруп жатат.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаа аймагындагы суткалык батир иштеткендерди тактоо боюнча тийиштүү мекеме ишканаларга тапшырма берди. Аларга кандай чара колдонулат, жергиликтүү бийликтин кийинки кадамы азырынча беймаалым.

Жогорку Кеңеш ушул жылдын февралында Турак жай кодексине жана “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдогон. Анда Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары колдонуп, пайда көрүүгө уруксат берилет. Ал эми батирлерди ижарага берген учурда мыйзамсыз иштер болсо, коомдук тартип бузгандар гана эмес, үй ээси да жоопко тартылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG