Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:23

Жалгыз бой эне жөлөкпулга зар болду


Назгүл Итикеева.

Токтогулдук 35 жаштагы жалгыз бой эне балдарын Бишкектеги мектепке киргизүүнү өтүнүп "Азаттык" аркылуу бийликке кайрылды.

Кыргызстанда жубайлардын расмий никеден өтпөй баш кошуусу орчундуу көйгөй бойдон кала берүүдө. Мунун азабын негизинен ажырашып кеткен аялдар жана документсиз балдар тартып келет.

Ушундай көйгөйгө туш болгондордун бири - 35 жаштагы Назгүл Итикеева:

- Токтогул районунун Терек-Сай айылынан болом. Учурда Бишкекте төрт балам менен жашайм. Ажырашып кеткем, балдарыма алимент албайм. Мамлекеттен расмий каттоодон өтпөй эле диний нике менен жашаганбыз. Анан ажырашып кеттик. Мурдагы жолдошум алимент төлөй албайт. Анын да чамасы чак.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Назгүл Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштейт. Төкөлдөш деген конушта ижара алган үйдө турат. Коммуналдык төлөмдөр кошулуп, жашаган жерине 4000 сом ижара акы берет:

- Азыр жегенге тамагыбыз жок. Үйдүн ижара акысын да бере албай кыйналып турам. Эки балам мектеп жашында, экөө бакчага барышы керек. Аларды мектепке, бала бакчага киргизе албай жатам. Чоң балдарым айылда апамдын колунда жүрүп, мектепте окуган. Бирок апам былтыр боорунан операция болуп, кант диабети менен ооруп калды. Жүгүмдү артпайын деп төрт баламды Бишкекке алып келгем.

Мен ишке кеткенде кызым инилерин карайт. Ал 8-классты аяктаган. Бирок аны шаарда окутканга шартым болбой калды. Кийим алышым керек, дептер, калем алганга тыйыным жок. Күнүгө үйгө төрт-беш нан көтөрүп барам. Дүкөндөн карыз алам. Тапкан акчама карызымды төлөйм. Сатуучу да ашыкча бербейт, "төлөй албай калат" дешет да. Кээде балдарым тамак жебей, нан-чай менен укташат.

Назгүл мектепти аяктап, турмуш-шартка байланыштуу жогорку же орто окуу жайга тапшыра алган эмес. Борбор калаага жакшылыктан үмүт артып келгенин айтууда.

- Улуу кызым мектепти аяктап, өзү каалаган окуусуна кирип билим алгысы келет. Бирок мен аны өзү каалаган жеринде окута албайм. Кантип окутмак элем? Көңүлүн оорутпай, "макул, окуйсуң" деп коём.

Назгүл сыяктуу келиндер Кыргызстанда азыр ондоп, балким жүздөп саналат. Улуттук статистика комитетинин быйыл июнда чыккан баяндамасына ылайык, Кыргызстанда турмуш курган келиндердин 23 пайызында расмий нике күбөлүк жок. Ал эми бейөкмөт уюмдар бул сан эки эсе көп экенин айтышат.

Ошто "Ак жүрөк" кризистик борбору турмуштан жолу болбой калган кыз-келиндерге укуктук, моралдык жардам көрсөтүп келет. Анын жетекчиси Дарика Асылбекованын айтымында, айрым кыз-келиндер нике күбөлүгүн эмне үчүн алуу керек экенин деле билбейт:

Дарика Асылбекова жумушун аткарып жаткан учурда тартылган сүрөт.
Дарика Асылбекова жумушун аткарып жаткан учурда тартылган сүрөт.

- Расмий каттоого турбай турмуш курган келиндердин саны жалпы баш кошкон жубайлардын арасында элүү пайыздан ашат. Бизге кайрылган келиндердин арасында жети балалуу болгонго чейин мамлекеттик каттоого турбагандар кездешет. Мунун ар кандай себептери бар. Мисалы, кээ бир үй-бүлөлөр келинди сынайт. Көңүлдөрүнө жакпаса кетирип жиберет. Экинчи себеп - социалдык абал. Каражаттын тартыштыгынан улам тирилик менен убара болуп, никесин каттатып коюуга убакыт таба алышпайт. Үчүнчүдөн, укуктук сабатсыздык. Нике күбөлүгүнүн мааниси, балдардын келечеги үчүн ошол документтин ролу канчалык маанилүү экенин билишпейт. Жергиликтүү бийликтеги бюрократия дагы кошумча болууда. "Тигил кагазды толтур, мындай маалымкат алып кел" деген талаптар көп. Ансыз да үйдөгү тириликтен колу бошобогон келиндер андай иштерге убакыт короткусу келбейт.

Турмушка чыкканда никесин расмий каттоодон өткөрбөй, кийин анын азабын тартып жүргөндөр тууралуу маселени укук коргоочулар тынбай айтып келатканына, парламентте бул боюнча далай кеп болгонуна карабай маселе дагы эле орчундуу бойдон турат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Адам укуктары боюнча кеңештин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева - ушул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыккандардын бири.

Гүлжамал Султаналиева.
Гүлжамал Султаналиева.

- 2008-2009-жылдары парламентте депутат болуп жүргөн кезимде муну саясий деңгээлдеги маселе катары көтөргөм, - дейт ал. - Ошол учурда расмий каттоосу жок турмуш курган келиндердин саны 32 пайыз болчу. Андан бери азайды деп ойлобойм. СССР кезинде үй-бүлө маселесине олуттуу көңүл бурулчу. Бала бакча, мектептен тартып үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу кеңири маалымат берилчү. Азыр андай жок. Чоң кишилер балдарга үлгү көрсөтө албай калды. Акча табуунун амалын издөө менен алекпиз. Андан тышкары, жокчулук, жумушсуздуктун айынан баалуулуктардын кадыры кетти.

Коомубузда расмий нике күбөлүгүн алууга муктаждык байкалбайт. Мамлекеттик документке караганда молдонун оозеки никеси бийик сезилет. Муфтияттын буйругуна ылайык, диний никеден өткөн адамдарга маалымкат берилет. Анысы диний нике кыйылды дегенди тастыктайт. Мен күбө болуп жүрөм, акыл-эстүү эле жаштар ошол молдолор берген маалымкатты расмий нике кагазы деп эсептеп жүрүшөт.

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Ушул күндөрү көп аял алуу маселеси социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга түштү.

Ал эми мамлекеттик мекемелер элге маалымат жеткирүүнүн ар кандай жолдору колдонуларын белгилешет. Адистер маалымат каражаттары жана жергиликтүү бийлик аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, элдеги кайдыгерлик маселенин чечилишине кедергисин тийгизип жатканын айтышат.

Баяныбыздын каарманы, токтогулдук Назгүл Итикеева балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жалгыз бой эне катары жаздырып алган. Бирок чүрпөлөрүнө жөлөкпул ала албай убара:

- Айыл өкмөттөгүлөр "апаңдын үйүндө жашайт экенсиң, пенсиясы бар экен, байкең майыптыгы үчүн пенсия алат турбайбы, сенин балдарыңа жөлөкпул берүүгө болбойт" деп жооп беришкен. Жөлөкпул алыш үчүн өзүмчө бир үйдө каттоого туруп жашашым керек экен. Айылда жүрө берейин десем, жумуш жок.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистери бул маселени айыл өкмөт аркылуу эмес, министрликтин аймактагы бөлүмдөрүнүн адистеринин жардамы менен чечсе болорун билдиришти. Бирок жаңы окуу жылы келип калгандыктан, Назгүлдүн ой-пикири азыр балдарын Бишкектеги мектептердин бирине жана бала бакчага жайгаштыруу болуп турат. Андан кийин гана жөлөкпул алганга аракет кылмакчы.

- Беш жашар балам баштын кан басымы менен жабыркайт. Аны дарыгерге каратайын десем, каражатым жок. Президентибизге, өкмөт башчыга кайрылып, жардам сурайм.

Назгүлгө жардам берүүнү каалагандар "Азаттык" радиосуна байланышса болот. Анын баянын бул жерден угуңуз:

Назгүл жардам сурап бийликке кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG