Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

"Ош тазалыкка" чырлуу спортчу келди


Ош шаары.
Ош шаары.

"Ош тазалык" ишканасына "Кличко" деген каймана аты бар спортчу Нурбек Исмаилов дайындалды. Спортчу буга чейин президенттик шайлоодо журналисттерди токмоктогону айтылган.

Ош шаардык мэриясы "Ош тазалык" ишканасынын жетекчилик ордун эмне үчүн эрежесиз мушташтын чеберине ыйгарганы түркүн түкшүмөлдөрдү жаратууда.

- Исмаилов "Ош тазалык" муниципалдык ишканасына үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды. Ал Кыргыз Республикасынын грепплинг боюнча вице-президенти болуп да иштеген. Ишкананын жетекчисинин алмашканына шаардын өз убагында тазаланбай жатканы боюнча тургундардын даттануусу себеп болду. Исмаилов ошол жоопкерчиликти моюнга алып, аны өзгөртүүнү көздөп турат. Ошондуктан ага үч айлык сыноо мөөнөтү берилди, - деди Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

33 жаштагы Нурбек Исмаилов эрежесиз мушташ боюнча бир нече эл аралык жана жергиликтүү таймаштарда байгелүү орундарды алган. Буга чейин маркум Санжар Кадыралиевге таандык "Турбаза" спорт клубунда да машыгып жүргөн.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо "Адыгине" спорт клубунун машыгуучулары менен бирге Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын бирин көзөмөлдөгөн.

Шайлоо учурунда участкага баш баккан бир нече журналист сабалганы айтылган. Алардын бири - Ош шаардык мэриясынын азыркы басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров эле.

Азамат Абсаттаров.
Азамат Абсаттаров.

- Шайлоо учурунда чыр-чатакка аралашкан жайы бар. Экөөбүздүн ортобузда жаңжал болгону чын. Бирок аны ошол күнү эле чечишкенбиз. Мен милицияга арыз жазган эмесмин. Эми муну саясат кылуунун кереги жок. Өткөн иш, бүткөн иш да, - дейт ал.

Анткен менен журналисттердин баары эле спортчуну кечирген эмес. Алсак, активист Бегимай Бекболотова спортчу Исмаиловдун жоопко тартылышын ушул күнгө чейин талап кылып келет.

- Президенттик шайлоо өтүп жаткан күнү мени шайлоо участогун көзөмөлдөп турган балдар сабаган. Көтөрүп туруп эле жолго ыргытып салышкан. Жыгылганымды участкага көз салып турган милиция кызматкерлери карап турушкан. Бирок бир да погончон келип, ажыратып койгонго жараган эмес. Тескерисинче, мага "чоң кыз, кетип эле калчы" деп кеңеш беришкен. Шайлоодо мени сабагандар "Адигине" спорт клубунун балдары экенин кийин билдим. Ош милициясына да арыз жазгам. Бирок бир жарым жыл өтсө да жооп ала элекмин. Милициядан майнап чыкпай турганын түшүндүм. Бул "спортчулар" алардан да күчтүү экенине көзүм жетти.

"Акипресс" Оштун кабарчысы Бекмамат Абдималик уулу да шайлоо учурунда Нурбек Исмаиловдон таяк жегендердин бири. Ал дагы Исмаиловду жетекчи кызматка дайындаган бийликтен катуу иренжигенин айтууда.

- Президенттик шайлоодо "Нооруз" ресторанынын жанындагы шайлоо участкасына барып, сүрөткө тарта баштагам. Ошол учурда Исмаилов колумдагы камераны жулуп алып, мени имараттын аркасына сүйрөп барды. Муунтуп, "көөмп салам" деп коркутту. Ал жолумду бууп турган учурда артымдан ар ким келип тепкилеп атышты. Ачык айтканда, чөөлөрдөй эле кол салышкан. Нурбек Исмаилов оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Эми ошол жигиттин жетекчилик кызматка келгени мени абдан иренжитти. Ал журналисттер менен тил табышып, адамча сүйлөшө албаса, 500гө жакын адам эмгектенген жамаатты кантип башкарат? Же аларды дагы уруп, сөгүп, коркутуп, балдарына салып берип башкарабы?

Учурда "Ош тазалык" ишканасында жаңы техника сатып алуу, таштанды талаасын башка жакка көчүрүү, таштандыны кайра иштетүү сыяктуу орчундуу маселелер чечиле элек.

Муну менен катар 2019-жылдын март айынан тартып Европа өнүктүрүү банкы берген 11 миллион еврого таштандыны кайра иштетүү, техниканы алмаштыруу боюнча бир нече ири тендерлерди өткөрүү, карызды төлөө милдеттери күтүп турат.

"Ош тазалыкка" жетекчи болуп дайындалганга чейин Ош шаарынын борбордук базарында салыкчы, Оштогу автобустар паркында жетекчинин орун басары болуп иштеген Нурбек Исмаилов мекемени өнүктүрөм деген ниет менен келгенин айтты:

- Мага сунуш болду. "Иштеп бере аласыңбы?" дешти. Шаар үчүн иштеп берейин деген максат менен келдим. Шайлоодо журналисттерди урган эмесмин. Бир аз түшүнбөстүктөр болгон, - деди Исмаилов.

"Ош тазалык" саясатка тепкичби?

"Ош тазалыкты" буга чейин спорт чөйрөсүндө таанымал Шайлообек Атазов жетектеген. Айтмамат Кадырбаевдин тушунда ишкананы эрежесиз мушташтын өкүлү Талант Капаров башкарып турду.

Талант Капаров да маркум депутат Санжар Кадыралиевдин тобунда жүрүп, кийинчерээк Сооронбай Жээнбеков тарапка оогон жаштардын бири эле.

Ош шаарынын башчылыгына Таалай Сарыбашевдин келиши менен “Ош тазалык” эми “Адигине” спорт клубунун өкүлү, эрежесиз мушташтын чебери, шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун активдүү үгүтчүсү болуп жүргөн Нурбек Исмаиловго буюруп отурат.

Жарандык активист Адил Турдукулов бул тенденцияга мындайча баа берди:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Ош жана Бишкек шаарларындагы тазалык ишканаларын өтө маанилүү муниципалдык кызмат десек болот. Чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Ошого жараша ири каражаттар бөлүнүп, алып турушат. Мен буга чейин Бишкектеги тазалык ишканасы тууралуу көп жазгам. Ал жерде тендер аркылуу техникалык каражаттарды бат-бат сатып алганга аракет кылышат. Мунун артында чоң коррупция уюп жатканы баарыбызга маалым. Ошол себептүү ал жерге умтулгандар да көп болот. Исмаиловдун "Ош тазалыкка" барышына Ош мэриясы жана Ош шаардык кеңеши жооптуу. Шаардык кеңешке өткөн шайлоодо "каралардын" күчү менен келген топтор болгон. Азыр дагы аларга тиешеси бар кишилердин жооптуу кызматтарга келиши прокуратуранын, милициянын иштебей, керек болсо аларга аралашып жатканынан кабар берет. Буга чейин Канжар Кадыралиев тууралуу маселе көтөрүлүп, унутта калган. Мындай көрүнүштөр кыргыз бийлигине абийир алып келбейт.

Расмий маалымат боюнча Ош шаарында 300 миңдей калк жашайт. Шаар ичинен күн сайын 1200 куб таштанды чыгарылат. Мекемеде 457 жумушчу эмгектенет. Ош мэриясы Ош тазалыкка көмөк катары жыл сайын берилип келген 35 миллион сомду 2019-жылдан тарта токтотууну пландап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG