Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Германиядагы шайлоодо социал-демократтар алдыга чыкты


Германиядагы Социал-демократиялык партиясынын башкы штабындагы шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийинки көрүнүш, 26-сентябрь 2021-жыл.
Германиядагы Социал-демократиялык партиясынын башкы штабындагы шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийинки көрүнүш, 26-сентябрь 2021-жыл.

Германиядагы парламенттик шайлоодо борборчул-солчул Социал-демократиялык партия аз айырма менен канцлер Ангела Меркелдин бийликтеги саясий блогунан озуп чыкты. 26-сентябрдагы шайлоонун жыйынтыгында вице-канцлер Олаф Шольц жетектеген социал-демократтар добуштардын 25,7%, Меркелдин Христиан-демократиялык бирикмеден жана Бавариянын христиан-социалдык бирикмесинен турган саясий блогу 24,1%, “Жашылдар” партиясы 14,8%, Эркин демократиялык партия 11,5%, “Германия үчүн альтернатива” 10,3% жана Солчулдар (Die Linke) 4,9% ээ болушту.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы Германияда коалициялык өкмөткө байланыштуу узакка созулган сүйлөшүүлөр болорун ишарат кылып жатат. Социал-демократтар да, христиан-демократтар да башка партиялар менен коалицияга куроого мандаты бар экенин билдиришти. Олаф Шольц 27-сентябрдагы сөзүндө Меркелдин консервативдүү блогу оппозицияга кетиши керек экенин айтты.

Жекшембидеги шайлоого Германиядагы шайлоочулардын 76,6 пайызы катышты. Бул шайлоо "Жашылдар" партиясынын эң мыкты көрсөткүчү болуп калды. Тескерисинче Меркелдин саясий блогу 76 жылдык тарыхындагы эң аз добушка ээ болду.

Германияны 16 жыш башкарган Меркел кызматтан кетип жаткандыктан анын партиясын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын учурдагы премьер-министри Армин Лашет жетектеп барды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG