Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Кыргызстанга жылына Түркиядан 1,5 тонна алтын зер буюмдары импорттолот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга Түркиядан жыл сайын 1,5 тонна алтын зер буюмдары импорттолот. Ошондой эле, 3 тоннанын айланасында күмүш зер буюмдар алып келинет.

Ал эми Кыргызстандын өзүндө жылына 47 кг. алтын, 100 кг. күмүш зер буюмдар жасалып, сатылат.

Бул маалыматты Баалуу металлдар департаментинин башчысы Канатбек Мадумаров бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде билдирди. Мадумаров комитеттин кароосуна сунушталып жаткан "Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө" мыйзам долбоору жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого аларын кошумчалады.

Комитет мүчөсү, депутат Бактыбек Турусбеков ортодогу айырманын чоңдугун белгилеп, Кыргызстан жылына өндүргөн 17-18 тонна алтындан болгону 47 кг. иштетилип жатканы кечиримсиз деп билдирди.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 27-сентябрда "Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окуудан кабыл алууга макулдугун берди. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Амангелдиев мыйзамдын азыркы иштеп жаткан редакциясындагы нормалар талапка жооп бербей калганын белгиледи.

"Мыйзамда мүчүлүштүктөр көп. Ошондуктан, ЕАЭБдин талаптарын эске алуу менен жаңы долбоорун иштеп чыктык. Жаңы мыйзам кымбат баалуу металл жана таштардын соодасын ачыкка чыгарат". Амангелдиевдин айтуусунда, жаңы мыйзам долбоорунда салмагы 1 граммга жетпеген алтын, 3 граммга жетпеген күмүш зер буюмдар проба коюудан бошотулат.

Түркиянын Зергер экспортчулар бирикмесинин маалыматына ылайык, Кыргызстан Түркиядан алтын импорттоочу алгачкы он өлкөнүн ичине кирет. 2019-жылы жарым жыл ичинде эле Түркиядан Кыргызстанга 9,4 миллион долларга зер боюмдар сатылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG