Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Руслан Казакбаев БУУнун баш катчысы менен жолукту


Руслан Казакбаев жана Антониу Гуттериш. Нью-Йорк. 24-сентябрь, 2021-жыл.
Руслан Казакбаев жана Антониу Гуттериш. Нью-Йорк. 24-сентябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш менен жолугушту.

Жолугушуу 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында өткөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

Ага ылайык, министр Казакбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан башкы катчыны экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктады.

Мындан тышкары Руслан Казакбаев Гуттеришке Кыргызстанда болуп жаткан саясий трансформациялар, анын ичинде 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу маалымат берди.

Министр Кыргызстандын “Туруктуу өнүгүү” максаттарына жетүү, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, жашыл экономиканы куруу, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-аракеттери тууралуу маалымдап, бул багыттарды мындан аркы колдоосун баш катчыдан өтүндү.

БУУнун башкы катчысы Кыргызстандын “БУУ - Борбор Азия” саммитин жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” иш-чараларын өткөрүү демилгесин кубаттады.

Жолугушууда тараптар Ооганстандагы кырдаалдын тезирээк турукташуусунун маанисин баса белгилешти. Руслан Казакбаев Улуттар Уюму Ооганстандан эвакуациялап жаткан жарандарды Бишкекке убактылуу жайгаштырууга Кыргызстан даяр экенин билдирди. (ZKo)


XS
SM
MD
LG