Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

COVID-19: Жаңы 59 учур катталды


Бишкектеги ооруканалардын биринин дарыгери. 24-май, 2021-жыл.
Бишкектеги ооруканалардын биринин дарыгери. 24-май, 2021-жыл.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалымдашынча, 27-сентябрда Кыргызстанда 59 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды:

Бишкек - 33
Чүй облусу – 9
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 9
Жалал-Абад облусу – 4
Ош шаарында, Баткен, Ош жана Талас облустарында коронавирус жуктургандар катталган жок.

Ушуну менен былтыр марттан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 178 317 адамга жетти. Бул аралыкта илдеттен 172 912 адам сакайды.
Акыркы суткада коронавирустан 2 киши көз жумду. Жалпы оорудан көз жумгандардын саны 2602 адам.

Ушул тапта 491 адам ооруканада, ал эми 834 бейтап үйүнөн дарыланып жатат.

2019-жылы, декабрда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус илдети кыска убакытта дүйнөгө тарап, 232 млн. 602 миң 292 адамга жукту. Ооруну 209 млн. 239 миң 576 киши жеңип, сакайып чыкты. Илдеттен жалпы дүйнө жүзүндө 4 млн. 761 миң 948 киши өмүрү менен кош айтышты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG