Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Ошто "Кыргызстан-2021" аттуу туристтик форум өтүп жатат


Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурулган жергиликтүү ышкыбоздордун маданий концерттик программасы. 26-сентябрь, 2021-жыл.
Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурулган жергиликтүү ышкыбоздордун маданий концерттик программасы. 26-сентябрь, 2021-жыл.

Ош шаарында “Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021” аттуу туристтик форум өтүүдө. 26-сентябрда башталган иш-чара бүгүн 27-сентябрда дагы уланат.

Мындан сырткары “Кыргызстан Улуу Жибек жолунун бутактарында” деген аталышта көргөзмө-жарманке болот.

Иш-чараны Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти эл аралык өнүктүрүү жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурууда.

Депортаменттин маалыматында, эл аралык көргөзмө-жарманке этно-базар, ири аймактын алгачкы туристтик форуму, этно-музыка, Болливуд жылдыздарынын концерттик программасы, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү жана башка иш-чаралар менен коштолот.

Уюштуруучулар бул форум келечекте Ош шаарына жана Ош облусуна туристтерди тартууга түрткү болот деп ынандырышууда.

Туризм тармагындагы адистер 2020-2021-жылдары сырттан туристтер дээрлик келбей калганын айтышат. Ал эми ички туризм мурункуга салыштырмалуу кыйла жанданган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG