Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:18

Азиз Аалиев: Көмүр калкка октябрдан тарта сатыла баштайт


Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.
Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Октябрь айынын башынан тарта Нарын облусуна жана өлкөнүн башка аймактарына көмүр жөнөтүлө баштайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев 25-сентябрда Нарын облусуна барганда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Аалиев Жумгал районундагы "Кара-Кече" көмүр кениндеги иштен кабар алды.

Ал быйыл мамлекеттик мекемелерге өз убагында көмүр кечикпей жетерин кен казуучулар менен болгон жолугушууда айткан.

Кыргызстанда 8 айда 1 млн. 337 миң тоннадан ашуун көмүр казылды. Анын 9 миң тоннага жакыны өлкөнүн түштүк аймагында казылган. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдаган.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 41ге чукул. (BCh).

XS
SM
MD
LG