Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Жапаров шайлоого кийлигишкен чиновниктерге катаал чара көрүлөрүн эскертти


Чоң-Алай районундагы жолугушуу.
Чоң-Алай районундагы жолугушуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алдыда боло турган шайлоо жараяндарына кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлерге катаал чаралар көрүлө турганын эскертти. Бул тууралуу мамлекет башчы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жолугушууда парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын айтты.

"Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа, дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт",-деп билдирген Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн курула турган шаарчага капсула салган.

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ал эми бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 26-сентябрга карата 34кө жетти. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG