Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн шаарча курулат


Президент Садыр Жапаров капсула салып жаткан учур. Чоң-Алай району, 26-сентябрь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров капсула салып жаткан учур. Чоң-Алай району, 26-сентябрь, 2021-жыл.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн шаарча курулат. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты.

Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда шаарчанын курулушуна капсула салды. Шаарча үчүн Кашка-Суу айылынын Бурган-Суу тилкесинде 30 га жерге жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.

Алдыда 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, айрым объектилердин курууга "Ассанабиль" коомдук кайрымдуулук фонду көмөктөшөт.

"Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, оогандык кыргыздарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин аларды сактап калуу максатында, тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды. Анын айтымында бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат",-деп жазды президенттин сайты.

Июль айында Кыргызстанда жашаган айрым памирликтер Тажикстанга качып өткөн кыргыздардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга, аларды коопсуз жайга көчүрүүнү бийликтен суранышкан.

Буга чейин Памирден көчүрүлүп келген 17 үй-бүлөгө мамлекет мал-жандыктарды берген.

Чоң-Алайдагы жолугушууда алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча дагы суроолор берилген.

"Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт",- деген Садыр Жапаров. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG