Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:13

Бишкекте лидер аялдардын форуму өтүп жатат


Лидер аялдардын форуму.
Лидер аялдардын форуму.

Бишкекте “Лидер, жаратман жана саясатчы-аялдардын өнүгүүсү үчүн багыттар” аттуу Кыргызстан аялдары кеңешинин улуттук форуму өтүп жатат. Анда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө аялдардын ролу, шайлоо процесстерине катышуусун жогорулатуу, коомдук диалог жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жана аялдар кеңешинин түйүнүн ар бир региондо түзүү маселелери талкууланат.

Быйыл Кыргызстанда айылдык кеңештерге шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айылдык кеңештерде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.

Аялдардын укугун коргоо уюмдары аялдардын мажоритардык тутум боюнча шайлануу мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенине, 90 мандаттын 16сы гана аялдарга тиерине буга чейин да кооптонуусун билдиришкен. (КЕ/AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG