Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:57

Эл аралык кызыл чырым комитети Сириядан Кыргызстандын жарандарын кайтарууга көмөктөшөт


Күрт кошуундары көзөмөлдөгөн "Аль-Хол" лагери. 2021-жыл. Сирия.
Күрт кошуундары көзөмөлдөгөн "Аль-Хол" лагери. 2021-жыл. Сирия.

Эл аралык кызыл чырым комитети ("Красный крест") Сириядагы Кыргызстандын жарандарын, балдарды алып келүүгө көмөктөшөт.

Бул маселе тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баш болгон делегация аталган комитеттин президенти Питер Мауэр менен жолугушкан учурда көтөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жолугушуу 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында болду. Анда негизги басым Сириядан Кыргызстандын жарандарын кайтарууга жасалды. Аталган комитеттин башчысы эл аралык уюм ага толук даяр экенин, Бишкектеги кеңсе бул багытта кыргыз тарап менен тагыз байланышта болорун билдирди.

Быйыл март айында 79 кыргызстандык бала "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кайтарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

2019-жылы кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет кыла баштаган. Ошол кездеги тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ага ылайык өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бирок Сириядан жарандарды алып келүү кечеңдеп жатат.

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG