Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Орусияда "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун мүчөлөрү абакка кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Волгоград шаарында сот "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун беш мүчөсүн экстремисттик ишмердүүлүк үчүн күнөөлүү деп таап, үч жылдан 6,5 жылга чейин абакка кести.

49 жаштагы Сергей Мельник, 50 жаштагы Игорь Егозарян алты жылга, 50 жаштагы Вячеслав Осипов менен 43 жаштагы Денис Пересунко алты жыл, үч айга кесилди. 59 жаштагы Валерий Рогозин алты жарым жылга кесилди.

Айыптоо корутундусунда алар "конфессиянын башка өлкөдөгү мүчөлөрүнөн сунуштарды алып, миссионердик иштер менен алектенишкени, сыйынуу кызматтарын көрсөтүшкөнү, кайрымдуулук кылганы, ошондой эле жамааттын башка мүчөлөрү менен диний адабияттарды бөлүшкөнү" жазылган.

Орусиянын Жогорку соту 2017-жылы "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмун экстремисттик деп таап, өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы "Жахабанын күбөлөрүн" экстремист деп таанууну "болбогон нерсе" деп атап, “алар дагы башкалар сыяктуу эле христиан” экенин белгилеп, куугунтукка алууга себеп жоктугун билдирген.

Андан көп өтпөй Орусиянын аймагында бул диний уюмдун мүчөлөрү жана тарапташтары чекесинен кармалып, улам камакка алына баштаган. Айрымдары тергөө абагында кыйноого кабылганын сот учурунда ачык айтышкан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG