Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Ташиев эки айда "Кумтөрдөн" 90 млн. доллар пайда түшкөнүн билдирди


Кыргызстан июнь-июль айында "Кумтөр" алтын кенинен 90 млн. доллар пайда тапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда, мекеменин Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачкан учурда билдирди.

"Кумтөрдөн" 21 жылда 84 млн. доллар пайда тааптырбыз. Ал эми июнь-июль эки айда биз 90 млн. доллар таптык. Мына, акчабыз каякта жатат. Кыргызстандын акчасын талап-тоноп эле жеп жатышкан. Биз алардын коррупциялык схемаларын алып чыктык... Эгерде "Кумтөрдөн" айына 1,5-2 тонна алтын өндүрүлүп жатса, аны ай сайын самолетко салып алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндү бир грамм алтын чыккан жок. Ушунун эсебинен Кыргызстаныбыз байып калды, акчасы пайда болду ", - деп Ташиевдин айтканын айрым жергиликтүү ЖМКлар таратты.

УКМК жетекчиси "Кумтөрдөн" сырткары башка тоо-кен тармагында коорупциялык иштер бар экенин белгилеген.

Буга чейин Кыргызстан Кумтөр алтын кенин башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров билдирген. Жапаровдун айтымында, ал алтын азыр Кыргызстанда, өкмөт 61-62 миллион доллардан ашуун таза киреше болорун мерчемдөөдө жана ишкананын акчасы өлкөнүн ичинде сакталууда.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG