Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Орусияда шайлоо жыйынтыгына нааразылар акцияга чыкты


Москвада шайлоонун жыйынтыгына нааразылар акцияга чыкты. 25-сентябрь, 2021
Москвада шайлоонун жыйынтыгына нааразылар акцияга чыкты. 25-сентябрь, 2021

25-сентябрда Москвада Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңден ашуун киши бийликтин эскертүүлөрүнө карабай акцияга чыкты. Аны басымдуу бөлүгүн коммунисттер түзгөн саясатчылар уюштурган.

Алар шайлоодогу жеңишти электрондук добуш берүү системасы уурдап койгонун айтып чыкты. "Добушту кайтарып бергиле" деген плакаттарды көтөрүп чыккан акциянын катышуучулары, онлайн добуш берүүнү жокко чыгарууну талап кылды.

"Мен бул жакка биз дагы бир жолу алданып калганыбызды айтканы келдим",-деди журналисттерге нааразылыкка чыккандардын бири.

25-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага кирген партиялардын лидерлери менен видеоконференция өткөрүп, шайлоо ачык жана мыйзамдын талабына ылайык өткөнүн билдирди. Ал электрондук добуш берүүгө "шайлоонун жыйынтыгы жакпай калгандар" гана доомат коюп жатканын айтты. Ошондой эле 1999-жылдан бери Мамлекеттик Думага биринчи жолу беш партия кирип жатканын кошумчалады.

ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский Пушкин аянтына митингге чыккандар тууралуу сүйлөп, аларды Сибирде жаңы шаар куруу үчүн Магаданга "сүргүнгө" жөнөтүү керек деди. Путин ага жооп кылып "алар иштебей да турганын" айтты.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шейшемби күнү эртең менен Мамлекеттик Думага шайлоонун бардык бюллетендерин санап чыкканын билдирген. Ага ылайык, Бирдиктүү Орусия” партиясына добуштардын дээрлик 50 пайызы (49,8) тийди. КПРФ – 19, ЛДПР– 7 жарым проценттен бир аз ашыгырак, “Адилеттүү Орусия” – 7 жарым пайызга жакын добуш алды. Думага 2003-жылдан бери алгачкы жолу дагы бир партия – “Жаңы адамдар” кирди.

Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 52 пайызы катышканы маалымдалды.

Оппозиция үч күндүк добуш берүү өнөктүгүндө бир топ мыйзам бузуу катталып, байкоочуларды Думага шайлоодо биринчи жолу колдонулган электрондук добуш берүү өзгөчө күмөн санатканын айтууда. Анын Москвадагы жыйынтыгын жарыялоо улам жылдырылып, дүйшөмбү күнү түштөн кийин гана жарыялашты.

Ал эми БШК көп киши алыскы аймактардан добуш бергендиктен бюллетендерди саноого убакыт көп кеткенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG