Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Шайлоо: бийлик админресурс колдонбоого чакырды


Кыргызстанда 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого даярдык жүрүп жатат. Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 24-сентябрга карата 32ге жетти.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын канчоо каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча так эмес. Ал тапта бийлик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, административдик ресурс, добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөр катуу жазаланарын эскертти. Бул убада канчалык ишке ашат?

Бийликтин эскертүүсү

Ушул жумада 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү.

Бул штабды жетектеп жаткан коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерин мамлекеттик кызматкерлерге шайлоодо басым көрсөтпөөгө чакырды.

"Мугалимдерди, дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди, квартал башчыларын өз кызыкчылыгыңарга же кайсы бир саясий партиялардын, талапкерлердин же мамлекеттик кызматкерлердин кызыкчылыгына пайдалануу таптакыр токтотулсун! Токтото албайсыңарбы, биз күч менен токтотобуз!", - деди Иманкулов.

Иманкулов шайлоону таза өткөрүү зарылдыгын айтып, буга чейинки шайлоолордогу мыйзам бузуулар бир нече жолу элдик толкундоого алып келгенин эске салды. Партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди коомдук-саясий абалды курчутпоого, жеке кызыкчылык үчүн элди бөлүп-жарбоого үндөдү.

Кыргызстандын тарыхында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, бир жылдан кийин кайра шайлоо өткөн учур биринчи жолу болуп жатат. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгып, ошол кездеги бийликтин кызматтан кетишине себеп болгон.

28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо 2020-жылы октябрда башталган саясий кризиске чекит коюп, өлкөнү толугу менен мыйзам нугуна сала турчу шайлоо экени айтылууда.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 24-сентябрга карата 32ге жетти. Пропорционалдык система менен шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев конституциялык реформадан кийин толук бийликти колуна алган президент Садыр Жапаров жоопкерчиликти сезип жатат деген пикирде.

“2005-2010-2020-жылдары үч жолу бийлик алмашуусуна акыйкатсыз шайлоо себеп болгон. Эгер бийлик адилет саясат жүргүзсө, эл баарын көтөрөт. Үч жолку бийликтин алмашуусу азыркы бийликке сабак болуш керек. Административдик ресурсту аша чаап колдонууга, добуш сатып алууга каршы чараларды көрүү зарыл. Президент баштаган бийлик өкүлдөрү таза шайлоо өткөрөбүз деп убада кылып жатат, кудай ошого жеткизсин. Чынында кандай болорун убакыт көрсөтөт”.

Оппозицияга эскертүү

Президент Садыр Жапаров жазында жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолордо бийликтин партиясы деген түшүнүк болбош үчүн “Мекенчил” партиясын шайлоого катыштырбоо чечимин кабыл алганын билдирген.

Бирок жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолордо жеңишке жеткен айрым партиялардын артында бийликтеги, президенттин тегерегиндеги адамдар турганын айткан мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев бийликтин "шайлоодо админстративдик ресурс колдонулбайт" деген убадасына ишенбейт.

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

“Мурдагы бийлик дагы "административдик ресурс колдонулбайт, андайларды жазалайбыз" деп айткан эмеспи. Азыр акчасы бар, кызматтагы адамдар бийликтики деп айтылып жүргөн партиялардын катарына чогулууда. Ал эми оппозициялык партиялардан талапкерлерди качыруу аракети жүрүп жатат. Бул шайлоо башталбай жатып эле админстративдик ресурс колдонулуп жатканын көрсөтүүдө. Мүмкүн кээ бир талапкерлерди эл көзүнө четке сүрүп салышат. Бирок Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине өткөн кайра шайлоо маңызы өзгөрбөй турганын далилдебедиби”.

Токтогазиевдин айтуусунда, бийликтин партиялары аныкталып, шайлоого кызуу даярдык жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ушул айдын башында президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыккан.

Президенттин маалымат кызматы депутаттын айтканы боюнча атайын билдирүү таратып, президент жакын туугандарынын саясий жараяндарга аралашуусуна жол бербей турганын билдирген.

Шайлоонун таза өтөрү бийликке көз каранды

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого катышууга даярдык көрүп жаткан “Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиев саясий күчтөр өз алдынча аракет көрүп жатканын, бийлик колдоого алган партиялар жок экенин айтууда.

“Бийликтин батасын алыптыр деген болбогон нерсе. Кайсы партия шайлоого чыгам десе бийлик жок дебейт. Шайлоого аттанабыз деп бийликке барса, жетекчилер кантип жок десин? Ошол шайлоого катыша бер деген сөздү бийликтин батасын алдым деген туура эмес. Шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы админресурс колдонгондорго катуу чара көрүлөрүн айтты. Ушул сөз аткарылса эле бул көрүнүш жоюлмак”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова бийликтин саясий эрки жетсе, шайлоодо административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөрдү чектей алат деп эсептейт.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

“Бийлик мыйзам бузгандарга чара көрөбүз деген позицияга бекем турса, кызмат адамдары ойногондон алыс болушат. Админстративдик ресурсту токтотууга мүмкүн, ишке ашыра турган нерсе. Мисалы, кайсы бир аким макамын пайдаланып, мыйзам бузса, дароо кызматтан кетирүү керек. Аны жазага тартуу башка иш, ага убакыт көп кетет. Бирок бир-эки жолу жазалоо болсо, кан буугандай токтойт. Буга саясий эрк керек, жетекчилик үлгү болуш керек”.

28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мажоритардык жана ачык тизме менен шайланчу пропорционалдык система менен өтөт. Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык ачык тизме, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши зарыл.

Шайлоо: артыкчылыктар жана тобокелчиликтер
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:56 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG