Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Шайлоо-2021: талапкер болууну көздөгөндөр саны 34кө жетти


Кыргызстандагы бир мандаттуу 36 округдардын картасы. Борбордук шайлоо комиссиясы чийген схема.
Кыргызстандагы бир мандаттуу 36 округдардын картасы. Борбордук шайлоо комиссиясы чийген схема.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 26-сентябрга карата 34кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады.

Алар – Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаев, Байыш Курманов, Айбек Алтынбеков, Актилек Нурланбеков, Абдижалил Насиров, Канат Исаев, Бакыт Төлөгөнов, Айбек Алымжанов, Манас Шаимкулов, Баймурат Бекмуратов, Нурали Талипов , Тилек Усупов, Сабыралы Кебекбаев, Бактыбек Сыдыков, Акжолтой Тукунов, Абдыманап Абдыбахапов, Акылбек Арстанбеков, Аскар Абакиров, Медербек Саккараев, Ырысбек Атажанов, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Каныбек Ганыев, Кубанычбек Карагулов, Элкинбек Аширбаев, Мирбек Сегизбаев, Райымбек Абдылдаев, Талант Сарбагышев, Талгат Сурналиев жана арыз тапшыргандардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG