Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Орто Азиядагы алгачкы протез кулак


Корнелл университетинде 3D-принтерде жасалган жасалма кулак. Нью-Йорк, АКШ. 2013-жыл.

Орто Азиядагы алгачкы протез кулак Кыргызстанда жасалды. Алма четинди сактоо боюнча кыргызстандык окумуштуунун илимий иши эл аралык илимий журналга жарыяланат. Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы жарык көрөт.

Кыргызстандык отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Шухрат Буваев менен анапластолог Нурлан Осмоналиев Орто Азиядагы алгачкы протез кулак жасаган адистер болуп калышты.

Дарыгерлер бул аракет тубаса же кандайдыр бир жагдайдан улам кулагынан ажырап калган адамдарга жардам берүү максатында жасалганын айтышты.

Шухрат Буваевдин белгилешинче, силикондон жасалган бул протез кулактын сырткы көрүнүшүн гана камсыздап, угуу жөндөмүнө эч кандай тиешеси жок. Угууну жакшыртуу же калыбына келтирүү үчүн дарылоонун же операция жасоонун башка ыкмалары колдонулат.

Мындай ишти даярдоо үчүн дарыгерлер алты жыл бою даярданып, өз каражатына эл аралык тажрыйба топтоп келишкен. Шухрат Буваев буларга токтолду:

"Өзүбүздүн демилге менен мен 2015-жылы Индияга барып, Нурлан Осмоналиев Москвада өткөн курска катышып, тажрыйба топтоп келдик. Анапластология негизи кеңири тармак. Кулактан башка деле органдардын аналогун силикондон жасаса болот жана бизде андай мүмкүнчүлүк бар. Бирок мен өзүм лор болгондуктан, ушундай көйгөй менен кайрылган бейтаптар менен иштешкендиктен, кулактан баштап көрөлү дедик".

Протез кулак жасоо тажрыйбасы Орто Азия чөлкөмүндө алгачкы ирет жасалып жатат. Шухрат Буваев коңшу мамлекеттерде мурда-кийин мындай тажрыйба болбогондуктан, алардын кызыгуусун жаратып жатканын, өзгөчө Казакстандан көптөгөн каттарды алып жатканын маалымдады. Учурда эки бейтапка протез ийгиликтүү имплантталды.

Алма четинди кыйыштыруу аркылуу сактаса болот

Жалал-Абад илимий борборунун лаборатория башчысы, биология илимдеринин кандидаты Советбек Кенжебаевдин “Алма четинди вегетативдик жол менен көбөйтүү” деген темадагы илимий иши Орусиянын “Инновациялар. Илим. Билим.” илимий журналынын 30-сентябрдагы санына жарыяланат.

Алма четин (рябина персидская) Орто Азияда кездешкен өсүмдүк. Кыргызстанда бул өсүмдүк Кызыл китепке киргизилген. Окумуштуу изилдөөсүн үч этап менен жүргүзгөн. Алгачкы этабы алма четин өскөн аймактарды аныктап, картага түшүрүү болсо, экинчи этабында аны уругу аркылуу көбөйтүү жолдорун изилдөө каралган.

Үчүнчү этап катары вегетативдик ыкма аркылуу көбөйтүү сунушталган. Анын алкагында алма четиндин органдарын башка бир өсүмдүк менен кыйыштыруу аркылуу сактап калууга мүмкүн экени анык болгон. Изилдөөнүн максаты жана өзгөчөлүгү тууралуу Советбек Кенжебаев буларга токтолду:

"Биздин максат жок болуп бара жаткан өсүмдүктөрдү сактап калуу багытында иш алып баруу болгон. Мындай жол менен көбөйтүү мурдатан эле бар. Бирок жок болуп бара жаткан алма четинди башка өсүмдүктөргө кыйыштыруу боюнча бул алгачкы изилдөө. Изилдөөнүн толук жыйынтыгы чыккандан кийин атайын органдарга, токой чарбаларына, мамлекеттик коруктарга алма четинди сактоо жана көбөйтүү боюнча сунуштар берилет".

Автор илимий ишин белгилүү эл аралык “Инновациялар. Илим. Билим.” журналына жиберип, ал жактырылган. Аталган журналга техника, педагогика, химия, экономика, тарых, философия, юридика, социология, архитектура сыяктуу багыттар боюнча илимий практикалык мүнөздөгү иштер жарыяланат.

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү жарык көрөт

Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында анын күндөлүгүнүн толук версиясы даярдалып жатат. Бул жөнүндө жазуучу, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев билдирди.

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү эки дептерден турат. Анын биринчи бөлүгүнүн кол жазмасы ушул күнгө чейин сакталуу. Ал эми экинчи бөлүгүнүн машинкага терилген версиясы болгону менен, кол жазмасы изделүүдө. Ушундан улам, күндөлүктүн биринчи бөлүгү гана жарык көрүү алдында турат. Буга чейин жарыяланган версиялары кыскартууга, цензурага дуушар болсо, бул ирет түп нускадагы үлгү менен жарыкка чыгат.


Тарыхый инсандын күндөлүгүн басып чыгаруу идеясы Александр Тузов менен Арслан Койчиевге таандык. Күндөлүктү басып чыгарууга тарыхчы Зайнидин Курманов, Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов, журналист Кубат Чекиров кол кабыш кылган. Тарыхый инсандын күндөлүгүн басып чыгаруунун мааниси тууралуу Арслан Койчиев буларга токтолду.

"Күндөлүк ХХ кылымдагы эң маанилүү саясий документ. ХХ кылымдын башында кыргыз элинин үч уктаса түшүнө кирбеген окуялар болду. Мына ошол окуяларды жеке тагдырынын өңүтү аркылуу карап, өзүнүн сөзү менен айтканда фиксация кылууну чечкен. Ошол кездеги тарыхый процесстер, кыргыз эли башынан кечирип жаткан социалисттик трансформация, анын ичинде айыл чарбасы, өнөр жайы, жалпы курулуш маселеси – мунун баары күндөлүктө чагылдырылган. Ушул окуялардын түздөн түз күбөсү болгон, ал процесстерге жөн гана катышып койбой, башында турган адам тарабынан жазылганы да уникалдуу. Ошондой эле бул күндөлүк Кара Кыргыз автоном облусун түптөгөн кыргыз интеллигенциясынын деңгээлин көрсөтүп турганы менен да баалуу".

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында турган. 1927-1933-жылдарда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы болгон. 1938-жылы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG