Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Устаранын мизиндеги улут тагдыры же Биримдикти кантип бекемдейбиз?


Иллюстрациялык сүрөт.

Улут тагдыры азыркы опуртал мезгилдин өтө орчундуу сыноосуна кабылды. Бул кыйчалыш кырдаалдан бүлүнбөй чыгып кетүү үчүн биримдикти бекемдөө эң зарыл милдет болуп калды. Кантип? Ушул багытта чогуу ой жүгүртүп көрөлү.

Биримдиктин башкы шарты – адилеттик.

Азамат Алтайдын соңку маегинде айтканы.

Жаран жана мамлекет биримдиги

Соңку кезде “Мамлекет (өлкө) мага эмне кылып берди дебей, мен мамлекетке эмне кыла алам деп сура” деген чакырык көп жаңырууда. (60 жыл мурун Американын президенти Жон Кеннеди ушундай ураанды айтып чыккан экен). Албетте, ар ким өз көмөчүнө күл тарткан шартта эч кандай өнүгүү болбой тургандыгы түшүнүктүү.

Айрыкча утурумдук саясий акцияларга жалданып катышуучулар, социалдык желелерден заказга жараша ызы-чуу салуучу фейктер азайса, коомдо бөлүп-жаруучу, бүлгүнчүл маанай басаңдап, биригүүгө, ынтымакты бекемдөөгө умтулган мүдөө алдыга чыкмак.

Тилекке каршы, бийлик үчүн күрөштө дал ушул бүлгүнчүл күчтөргө таянган адат оңой менен калчудай эмес. Бирок биримдик болмоюнча эч бир бийлик өз ишин туруктуу уланта албайт. Эгер маселе бийликтеги топтун эле ордунда калышына же кетирилишине байланыштуу болсо, буга анча кыжаалат болбойт элек. Бул ирет опурталдуу жагдай мамлекеттин тагдырын аныктап койчудай.

Өлкөнүн өнүгүүсүнө ар бир жарандын салым кошуу мүмкүнчүлүгү кайра эле мамлекеттин кандай иштешине жараша болот. Эгер өкмөт ар бирибизге бирдей адилет караган укук тартибин камсыздап бере алса, жарандардын мекенчилдик сезими да жогорулап, бийликтин адилеттүү чечимдерин жана кадамдарын көпчүлүк эл ар тараптан колдоп турмак.

Иш билгилерге бут тоспой, татыктууларга жол ача алсак, жумуш орундары көбөйүп, салык төлөөчүлөрдүн катары калыңдайт. Көпчүлүк жарандар мамлекеттик деңгээлде ойлонбосо да өзүнө, жок дегенде үй-бүлөсүнө пайда келтире алса, башкаларга зыянын тийгизбей, догун артпай, ак эмгеги менен жашоого умтулса, өлкөнүн жалпы байгерлик деңгээли жаман болбойт.

Адилеттик өкүм сүргөн шартта экономика эркин өнүгөт, мителер жоголот же эч болбосо жалпы мамлекеттик масштабда таасир эте албай калат. Ошондо бюджет таланып-тонолбой, мугалимдер менен догдурлардын эмгек акысы толук төлөнө баштайт да, мыкты адистер ишке тартылат. Бала бакчадан тартып жогорку окуу жайларга чейин билимдин сапаты жана саламаттык сактоо мекемелеринин иши кескин жакшырат.

Дени-карды соо, орто билимди талаптагыдай деңгээлде алган, аң-сезими өскөн жарандар ар кайсы популисттерге алданбай, шайлоодо добушун сатпай, мамлекеттик башкарууга кыйыр түрдө болсо да катышарын сезип калат.

Аймак бүтүндүгү, улут биримдиги

Саясий чайкоочулар көзүр картадай пайдаланып келген жагдай өлкөнүн түндүк-түштүк аймактарына жана этностук курамына, ошондой эле диний агымдарга тиешелүү. Кызмат орундарын бөлүштүрүүдөн тартып ички миграцияга чейинки маселелерде бул тема дайыма талкууланат. Көбүнчө атайылап козутулат. Карапайым адамдардын эмоциясына ойноп, кээде тикелей кагылышууга да жеткирип ийишет.

Тил, каада-салт, менталитет жагынан айырмачылыктарга түшүнүү менен карап, ошол эле учурда жалпы биримдикке умтула жашаган коом боло алабызбы? Өзүбүздүн “башкаларга” сыртын салган, өйдөсүнгөн же корунган мамилени кантип жоёбуз?

Менин байкашымча, карапайым адамдардын көпчүлүгү, жок дегенде тең жарымынан кем эмес бөлүгү бөлүнүп-жарылууга анча ыктабайт. Кайсы улуттан экенине карабастан, адамгерчиликтүү, калыс мамилени бардык кишилер жактырат. Жылуу-жумшак саламдашып, тойго чакырган кошунасына барбай койгондор аз.

Демек, эгер жалпыга бирдей барктуу нерселерди иш жүзүндө биринчи орунга алып чыга берсек, өз ара түшүнүшүү, жакындашуу аркылуу ички ынтымак бекемдейт. Диний жана жарыкчыл экстремизмдин тамыры кыркылат.

Айрыкча милиция, сот, бийлик органдары баарына тегиз караса, ким экенине карабай, күнөөлүүнү жазалап, жабыркагандарды коргоп турса, мамлекетке, бийлик башындагыларга болгон сый-урмат жогорулайт. Мекенчилдик сезими күчөйт.

Ошондо башка улуттагы жарандар “Мен кыргызстандыкмын! Мен кыргызмын!” деп, кыпкыргызча сүйлөп чыкса, эч таң калбаш керек. Өз маданиятын да сактаган орус, өзбек ж.б. тектүү кыргыздар (кыргыз мекенчилдери) көбөйөт. Өлкөбүздүн эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркы өсөт.

Мамлекет ким?

Биримдикке кедергиси тиер бир өксүктү көңүлдөн чыгарбайлы. Бул – түшүнүктөрдүн өтө чаржайыт, бүдөмүк болуп калышы. Мисалы, караңгы коомдо эл мамлекет менен бийлик башындагыларды чаташтырып алат. “Партия десе, Ленинди, Ленин десе партияны түшүнөбүз”, - деп В. Маяковский жүз жыл мурунку абалды ырга салган экен. Ага чейин "Мамлекет – бул мен", - деп Людовик XIV айткан имиш.

Тилекке каршы, азыр деле ошол деңгээлдеги түшүнүк сакталууда. Ошондуктан үй-бүлөлүк башкаруунун тамырын жайган Аскар Акаевдин тушунда биздин журналисттердин бири: “Мамлекет – бул мен жана бала-бакырам”, - деп какшыктаган эле. Ошондуктан аны кетиргенден кийин да көпчүлүк адамдар Бакиев (Атамбаев, Жээнбеков) кетсе эле баары сонун болуп калат деп ойлоп келишти.

Ырас, инсандын тарыхтагы ролун эч ким жокко чыгара албайт, бирок аны ашыкча ополдонтуунун кесепети канчалык оор болорун да унутпайлы. Эгер калың калайык кайсы бир аптарыйкатка сокур ишенип, оркойгон каталарына да көз жуумп, аны сындагандарды куугунтуктай баштаса, мамлекеттин тагдыры үчүн жоопкерчилик жоголот. (“Бир киши жооп берет!” деген ураан кулак тундура жаңыра бериши мүмкүн, бирок “бир киши” түркмөнбашыга окшоп калса, аны ким, кантип жоопко тартат?)

1937-жылда башталган репрессияларга Сталин жеке өзү күнөөлүү эмес, кол алдындагылар, жер-жерлердеги жетекчилер ж.б. жакшы адамдарга жалаа жапкан дешет. Ырас, жалаакорлор, чагымчылдар далай адамдардын түбүнө жеткен. Бирок ошондой бузукулардын колдоосуна таянган системаны ким түзгөн?

Чындыгында мамлекет – бул баарыбыз, ар бирибиз. Мамлекеттин абалы ар бирибиздин аң-сезимибизге, кайдыгерликтен канчалык эркин экенибизге жараша болорун унутпай, баарыбыз үчүн, ар бирибиз үчүн дайым күрөшүүбүз керек.

Эң оболу өзүбүзгө бекем талап коюп, анан чөйрөбүзгө да колубуздан келишинче таасир этип, мамлекеттик маанидеги иштерге мыйзамдуу жолдордун баарын колдонуу менен катыша жүрсөк, өзгөрүү болбой койбойт.

Жолдош Турдубаев, публицист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG