Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Өз камын гана ойлогон партиялардан баш тарталы


Гүлдана Мурзакул.

Түркияда жашаган эркин изилдөөчү Гүлдана Мурзакул күзүндө өтөрү айтылган парламенттик шайлоого байланыштуу бир топ суроолорго жооп издеген. 

Пандемия учурундагы парламенттик шайлоо элдин пайдасына чечилеби же өз көмөчүнө күл тарткан саясатчылардын пайдасынабы? Канткенде элге кызмат кылган парламентти жарата алабыз?

"ФМ Глобал" компаниясы жыл сайын дүйнөнүн 130 чакты өлкөсү менен аймагынын экономикалык туруктуулугун чагылдырган отчётун жарыялайт.

Аталган отчёт эл аралык инвесторлорго кайсыл өлкө жана аймактар инвестиция салууга ылайыктуу жана ылайыксыз экендигинен кабар берип турат.

"ФМ Глобалдын" 2019-жылга карата түзгөн “Экономикалык коопсуздук индекси” боюнча Кыргызстан - экономикасы туруксуз өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Тагыраак айтканда, Кыргызстан “Экономикалык коопсуздук индексинин” рейтингинде 125-орунда турат.

Бул көрсөткүч - 2015-жылы парламентке келген саясий партиялардын жана алар тарабынан куралган өкмөттөрдүн экономикалык туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кыла албагандыгын көрсөтүп турат десек болот.

Коронавирус пандемиясына чейин эле өлкөбүздүн социалдык жана экономикалык абалы өтө начар болсо, пандемия учурунда андан бетер начарлады.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев "Спутник Кыргызстан" радиосуна курган маегинде бизде реалдуу экономика жок экендигин баса белгиледи.

«Мурда жаап-жашырылып келсе, азыр бюджеттин киреше бөлүгү толбой калуу ыктымалдыгы, айрым социалдык төлөмдөр төлөнбөй калышы ачык айтылып, ар кандай божомолдор жасалууда. Бул абалдын татаал экендигинен кабар берет», - деп айтканын эсиңиздерге сала кетели.

Пандемия учурунда өлкөбүздүн тышкы карызы өсүп баратат. Өлкөдөгү жакырчылыкты жоюуда чоң роль ойногон эмгек мигранттары, массалык түрдө жумушсуз олтуруп калышты. Кыскасын айтканда, эл өз өлкөсүнүн жакырдыгын жон тери менен сезип, абдан кыйналып турат.

Дал ушундай мезгилге парламенттик шайлоонун дал келиши кимге пайдалуу деген суроо туулат. Элгеби же өз көмөчүнө күл тарткан саясатчыларгабы?

Мындай мезгилде шайлоо өткөрүү элди этиканын чегинен чыккан даражада манипуляция кылуу аркылуу саясий максатына жетип жүргөн карт саясатчыларга жана бийликке жетүү үчүн калп айтып, ыйманына камчы урган жаңы саясатчыларга гана пайда алып келет деп айта алабыз.

Анткени пандемия учурунда коомдо бүдөмүк абал өкүм сүрө баштады. Ал бир тараптан СOVID-19га каршы вакцинанын качан даяр болору жана эпидемиологиялык абалдын толугу менен качан жакшыра турганына байланыштуу болсо, экинчи тараптан Кыргызстандын экономикалык оор кризистен качан, кантип чыгарына байланыштуу.

Мындай бүдөмүк абалда саясатчылар үчүн элди манипуляция кылууга (б.а. алдоого), элди өзү каалаган багытка бурууга абдан ыңгайлуу шарттар жаралды. Мисалы, элдин көпчүлүгү ар кандай маалыматтарды, саясатчылардын сөзүн жана иш-аракеттерин акылга эмес, эмоцияга таянып кабыл алып жатканына күбө болуудабыз.

Негизинен эле коомдогу бүдөмүк абал адамдарда кабатырлануу, коркуу, кыжырлануу сыяктуу сезимдерди курчутуп, адамдардын эмоцияга алдырып кадам ташташына түрткү берет.

Маалыматтарды акылдын элегинен өткөрбөй, эмоцияга таянып кабыл ала баштаган адамды алдоо жана тескери жолго шыкактоо оңой болуп калат.

Бүдөмүк абал өкүм сүргөн маалда шайлоо өткөрүү өзүнүн гана камын ойлогон саясатчылардын пайдасына чечилерин 2010-жылдагы парламенттик шайлоо тастыктаган.

Апрель революциясынан кийин да Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине кызмат кылган жана алар менен бирге жемкордукка баргандардын жоопко тартылышын эл күтүп турганда июнь коогалаңы болуп кетип, коомдо бүдөмүк абал пайда болгон.

Ошол бүдөмүк маалдагы шайлоодо Бакиевдин режимине кызмат кылган жана Акаевдин мезгилинен бери жемкордукка аралашып жүргөн саясатчылардын партиялары манипуляция кылуунун ар кандай ыкмалары аркылуу элден көп добуш алууга жетишкен.

Алардын айрымдары ошол убакта колдонгон манипуляциясы ыкмаларын (мисалы, июнь окуясында «баатырдык» кылганы ж.б. боюнча аңыз таратуу) бүгүнкү күнгө чейин улантышууда.

Кошумчалай кетсек, июнь коогалаңынан кийинки бүдөмүк абалды Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү да пайдаланып, коомдук талкуудан толук өтпөгөн, мүчүлүштүктөрү көп Конституциянын долбоорун элге кабыл алдырууга барышкан.

Пандемия өкүм сүргөн бүдөмүк абалда да мөөнөтү аяктап бараткан парламентарийлер коомдук талкууну көзгө илбей, өз ара деле толук талкуулабай Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жана адам укуктарына зыяндуу мыйзамдарды кабыл алып жаткандыгына күбө болуп жатабыз.

Талапкер партиялар пандемия учурунда эмоцияга жетеленип турган элди “жаштар”, “жемкорлор”, “экономикалык кризис” деген темалардын тегерегинде манипуляция кылары байкала баштады.

Парламенттик башкарууга өткөнгө чейинки жана андан кийинки мезгилде деле саясий партиялар добуш топтоо үчүн жаштарды өз тизмесине квота боюнча кошуп, үгүт маалында жаштар менен баратканын жарнамалап келишкен.

Быйылкы шайлоодо тажрыйбалуу партиялар “тажаган” жана “үмүт издеген” элди манипуляция кылууда ушул темага катуу басым жасап, аны жаңы ыкма менен колдонушарын көргөзө башташты. Тажрыйбалуу партиялардын ар бири жарандык коомдогу активдүү жана дымактуу жаштарды өз тизмелеринин алдыңкы катарына мурдагыдан көбүрөөк санда кошо турганы, дал ушул жаштардын үнү менен үгүт жүргүзөрү байкалып турат.

Тажрыйбалуу партиялар менен жаңы партиялар элди манипуляция кылуу үчүн жемкорлорду жазалоо (мүлктөрүн конфискациялоо ж.б.), жемкордукту жоюу жана өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу темаларында Кыргызстандын азыркы укуктук, ресурстук ж.б. шарттарында реалдуу түрдө аткарылышы эч мүмкүн болбогон убадаларды бере турганы анык.

Талапкер болчу саясатчылар пандемия учурунда муктаждарга гуманитардык жардам деген легитимдүү жолду колдонуп, элдин бир бөлүгүнүн көңүлүн алып, добуштарын сатып ала башташты.

Элдин көпчүлүгү акылга эмес, эмоцияга жетеленген учурда жана элдин аз эмес бөлүгү күнүмдүк тамагынын гана камын ойлонгонго аргасыз болуп турган шартта элге кызмат кылууну чындап көздөгөн, чынчыл, этиканы сактаган, сапаттуу кадрлардын шайланышы абдан кыйын. Мындай кадрлар аз санда парламентке кириши мүмкүн, бирок алардын добуштары жана аракеттери элге кызмат кылчу өкмөттү дайындаганга жана керектүү мыйзамдарды чыгарганга жетпеген бойдон кала берет.

“Жамандардын арасынан жакшыраагын деле шайладык” деп отуруп калабызбы? Алдыдагы беш жылдын дагы текке кетишин каалайбызбы?

Сөзүбүздүн башында айтылгандай, Кыргызстан - экономикасы эң туруксуз өлкөлөрдүн бири. Мындай өлкөлөрдүн пандемиядан кийин экономикалык рецессиядан чыгышы чоң кыйынчылыктар менен коштолуп, узак убакытты талап кылат.

Кыйналып турган элибиз өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык кризистен эртерээк чыгып, өнүгүү жолуна киришине муктаж. Өлкөбүздүн кризистен чыгып, өнүгүшү үчүн биринчи кезекте шайлана турган саясий партиялар жана алар тарабынан курала турган өкмөт Кыргызстандын ресурстук ж.б. дараметине ылайык келген, чындыгында аткарыла тургандай, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине зыян тийгизбегидей, жаңычыл жана так кадамдарды камтыган программаларга ээ болушу керек; андан кийинки кезекте программасындагы кадамдарды ырааты менен системалуу жана так ишке ашырууга өздөрүн милдеттүү сезип, иш жүргүзүшү абзел.

Элге кызмат кылчу кадрларды парламенттеги көпчүлүктү түзгүдөй санда алып келүү мүмкүн болбосо, жогорудагы нерсени кантип ишке ашыра алабыз? Парламентке келүүнү көздөгөн партияларды элге кызмат кылууга кызыкдар жана «аргасыз» кылуу жолу менен ишке ашыруу мүмкүн.

Партияларды талаптар жана лоббисттик топтор аркылуу багыттап, көзөмөлдөө ыкмасы

Акылга таянган жана өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес шайлоочулар шайлоо оюндарынын эрежесин өзгөртө турган кескин кадамдар жасаганда гана элге кызмат кыла турган парламентти пайда кыла алабыз.

Мурдагы шайлоо өнөктүктөрүндө партиялар шайлоочуларды ар түрдүү ыкмалар менен багыттап, өзүнүн аркасынан ээрчитип жүрсө, эми шайлоочулардын коомдук пикирди жарата алчу, билимдүү жана жаңычыл бөлүгү партияларды багыттап, аларды рационалдуу талаптардын аркасынан ээрчитүүгө өтүшү абзел. Ал үчүн, жалпы жонунан айтканда, төмөнкүдөй кадамдар жасалышы керек:

1-кадам. Шайлоочулар талапкер партияларга жарандарды бакубат жашоого жеткирүү жана Кыргыз мамлекетинин түбөлүктүү болушун камсыз кылуу боюнча акылга сыйымдуу өз талаптарын айтып, «ошол талаптарыбызды өз идеологияңардын негизинде болушунча кыска мөөнөттө кантип ишке ашыра аласыңар?» деген собол сала башташы керек.

2-кадам: Шайлоочулар койгон талаптарын ишке ашырууга кайсыл партиянын чийген жолу, программасы ылайык келсе жана кайсыл партиянын программасы чындыкка туура келгендей так болсо, ошол партиянын айланасына биригип, басым жасоочу (лоббисттик) топ катары өз ара уюмдашуусу абзел. Мындай лоббисттик топтор өздөрү ишенип колдоп жаткан программа боюнча коомдук пикир жаратууга аракет кылып, ошол программаны ишке ашырчу партияга финансылык ж.б. жардам берип, алдыга сүрөшү керек.

3-кадам: Басым жасоочу топтордун сүрөгөн партиялары парламентке киргенден кийин ал топтор партияларга программаларын так аткаруу боюнча катуу талаптарды коюп, программалардын ишке ашырылышын камсыз кылууга аракет кылышы абзел.

Шайлоо оюндарынын эрежесиндеги ушул сыяктуу өзгөрүү төмөнкү эки маанилүү нерсеге негиз салат: саясий партиялар шайлоодо Орусия ж.б. тышкы күчтөрдүн колдоосун табуу үчүн аларды карай чуркагандын ордуна, элге кызмат кылчу программалары менен өз элинин колдоосун табууга аракеттениши керектигин аңдашып, улуттук кызыкчылыкты көздөгөнгө аргасыз болушат.

Мындан сырткары коомдо шайлоолордо уруучулук, жердешчилик сымал факторлордун негизинде эмес, партиялардын программаларынын тегерегинде биригүү жана партиялар менен өкмөттөн программаларынын так аткарылышын талап кылуу өнөкөтү пайда болот.

Сөз соңунда баса белгилей кетсек, өлкө өнүкпөй жатса, анда анын интеллектуалдык катмары өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо болуп, артка тарткан нерселерди (жүрүш-туруш тартибин ж.б.) өзгөртүүгө же алардан толук баш тартып, ордуна пайдалуу, жаңы нерсени алып келүүгө аракет кылышы керек.

Гүлдана Мурзакул, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG