Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:31

Эркиндиктен качкандар өлкөсүн артка тартат


Гүлдана Мурзакул.

Кыргыз коомунда эркиндиктен качкандар көбөйүп баратат. Бул нерсе өлкөбүздүн келечеги жана коомдогу башка жарандардын эркиндиги үчүн өтө кооптуу. Макалада эркиндиктен качуу маселеси тууралуу сөз болмокчу.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков акыркы төрт ай ичинде эки жолу «күтүлбөгөн» иш сапары менен Орусияга барып, алардын лидери Владимир Путин менен жолугуп келди.

Президенттин биринчи «күтүлбөгөн» иш сапары мурдагы президент А. Атамбаевдин тирешүүсү күчөп турган учурда (11-июлда) болду.

Сооронбай Жээнбеков экинчи жолку «күтүлбөгөн» иш сапары менен Орусияга кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин (20-сентябрда) барды.

Президенттин аталган жолугушууларын айрым талдоочулар «Кыргызстандын ичиндеги ар кандай окуяларды Орусия президенти менен тез-тез талкуулоо аркылуу Путиндин колдоосуна муктаждыгын ачык-айкын кабыл алып, колдоп турганы» деп баалап, мындай көрүнүш «бизди өз алдынча мамлекет катары кооптондурушу керек» деп сындашты.

Социалдык тармакта аталган жолугушууларды «эгемендүүлүккө сокку» деп кескин сынга алгандар болду. Бирок коомубузда президенттин «эркиндикке зыяндуу» сапарларын сындагандардын саны, тилекке каршы аны колдогондорго же кадыресе көрүнүштөй кабыл алып, эч кандай реакция көрсөтпөгөндөргө караганда өтө эле аз болду.

Коомдогу мындай өкүнүчтүү көрүнүш – 1991-жылдан бери бийликке келгендердин элге эркиндиктен качууга багыттаган кадамдарды таштап келгендигинин натыйжасы.

Өлкөнү экономикалык жана социалдык кризистерден чыгаруучу, экономиканы күчтөндүрчү чараларды иштеп чыкпай, Орусиядан ар тараптуу «жардам алуу», Кытайдан кредит алуу сымал оңой жолдорду тандашты.


1991-жылы Кыргызстан эгемендикке жеткенде, кыргыз эли жогору жакты караган көз каранды саясаттан кутулуп, эркин ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Эл бул мүмкүнчүлүктү аярлап багып, туура пайдаланып, эркин болушу үчүн алгач, мамлекет (бийлик) элге негизги муктаждыктарын канааттандыра алгыдай экономикалык, саясий, социалдык жана психологиялык шарттарды түзүшү керек. Анткени адам баласы физиологиялык жана моралдык муктаждыктарын канааттандыра албаган абалга түшүп калганда таяна турган күч (лидер, система ж.б.) издеп, эркиндигин садага чаап, күчтүү тарапка эркиндигин өз каалоосу менен өткөрүп берүүгө барат эмеспи.

Бирок 1991-жылдан бери эч бир мамлекет башчысы эркиндик үчүн зарыл болгон экономикалык, саясий, социалдык жана психологиялык шарттардын түзүлүшүн камсыздай албады. Ушул кезге чейинки мамлекет башчыларынын баары үчүн бийликти колдон чыгарбоо, байлык топтоо сыяктуу жеке кызыкчылыктары өз улутунун жана элинин келечегинен маанилүү болду. Алар демократиялык системаны орнотуудан мурда «үй-бүлөлүк башкарууга» орун беришти.

Өлкөнү экономикалык жана социалдык кризистерден чыгаруучу, экономиканы күчтөндүрчү чараларды иштеп чыкпай, Орусиядан ар тараптуу «жардам алуу», Кытайдан кредит алуу сымал оңой жолдорду тандашты. Бир миллионго жакын жараны Орусияга иш издеп кетишин колдогон саясат жүргүзүштү ж.б. Бийликтин ушундай кадамдары кыргыз коомунда Орусияны «таянуучу күч» катары карап, эркиндигин садага чабууга даяр адамдардын санын арттырып келди.

Мындан сырткары мамлекеттин эркиндик үчүн зарыл болгон шарттарды түзбөгөндүгүнүн айынан коомдо диний лидерлерди, «мыйзамдагы урууларды», бай же бий болгон жердештерин ж.б.у.с. күчтөрдү кудайындай көргөндөр козу карындай жайнап баратат.

Коомубузда эркиндиктен качкандардын көбөйгөндөн көбөйүп баратышы - өлкөбүздүн келечеги жана коомдогу башка адамдардын эркиндиги үчүн өтө кооптуу.

Эркиндикти барктап, бага албагандар бүлүндүргүчкө айланат

Эркиндик өзүнүн аркасынан жакшылыктарды ээрчитип келсе, эркиндиктен качуу адам баласында ойрондотуу жана бейбаштык сымал инстинкттерди ойготот. Анткени эркиндик адамдан өзүнө жана чөйрөсүндөгү адамдарга карата жоопкерчилик алууну талап кылат.

Өзүнүн жашоосуна жана коомдогу башка адамдардын эркиндигинин сакталышына карата жоопкерчилик алган адам өзүмчүлдүккө барбоого, агрессивдүү жүрүм-турумдан алыс болууга аракет кылат. Ошентип эркиндик адам баласында жакшы, оң жүрүм-турумдарды калыптандырат.

Адам өз эркиндигинен качканда ого бетер жоопкерчиликсиз болуп калат. Жоопкерчиликсиздик адамда адеп-ахлаксыз, деструктивдүү жүрүм-турумдарды пайда кылат.

20-кылымдын залкар ойчулу Э. Фромм «Эркиндиктен качуу» деген эмгегинде эркиндиктен качкандардын психологиясын, алардын кимге айланарын фашисттердин мисалында көрсөткөн. Германияда миллиондогон адамдар Гитлерге баш ийүүнү тандап, өз эркиндигинен качкандан кийин алардын көбү ойрондоткуч (садист, зордукчу, адам өлтүргүч ж.б.) болуп чыга келишпеди беле.

Эгер бир күчтү кудайындай көргөндөр коомдун көпчүлүк бөлүгүн түзүп кала турган болсо, анда алар агрессивдүү пикирлерди айтуудан чоң масштабдагы ойрондоткуч жүрүм-турумга өтүшү мүмкүн.


Кыргызстанда кандайдыр бир күчтү (башка өлкөнү, диний лидерди, «мыйзамдагы урууну» ж.б.) кудайындай көргөндөр, өздөрүнүн «кудайын» колдобогондорго карата көчөдө болсун, социалдык тармактарда болсун агрессивдүү сөздөрдү айтканына күбө болуп жатабыз.

Эгер бир күчтү (мисалы, бир лидерди) кудайындай көргөндөр коомдун көпчүлүк бөлүгүн түзүп кала турган болсо, анда алар агрессивдүү пикирлерди айтуудан чоң масштабдагы ойрондоткуч жүрүм-турумга өтүшү мүмкүн.

Эркиндик жана интеллигенциянын ролу

Макаланын башында коомубузда эркиндиктен качкандардын көбөйгөндөн көбөйүп баратышына 1991-жылдан ушул күнгө чейин бийликке келгендер жооптуу экенин себептери менен айтып өттүм. Бирок эркиндик маселесине келгенде интеллигенция - агартуучулар да белгилүү даражада жооптуу экенин көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Алар эркиндиктин канчалык баалуу экенин эң мыкты билген жана эркиндикке керектүү шарттарды жаратуунун жолдорун иштеп чыга алган катмар. Эң негизгиси аларда бийликке багыт берип, элди эркиндикке умтулта ала турган интеллектуалдык дарамет бар.

Биздин интеллигенциянын көпчүлүгү эркиндик боюнча бийликке багыт берүүдө ж.б. иш-аракеттерде өз дараметин көрсөтпөй, пассивдүү болуп келди. Мисалы, С. Жээнбековдун Орусияга жасаган «күтүлбөгөн» иш сапарларынан кийин алардын реакциясы кандай болду, эмне кылышты? Алардын президенттен туура эмес жолдон кайтууну талап кылышканын, президентке жаңы багытты сунуштаганын көрө алдыкпы?!

Кыскасын айтканда, коомубуздагы адамдардын эркиндиктен качпай, көз карандысыздыкка умтулушу жана эгемен болушу үчүн ошол окумуштуу-агартуучуларыбыз интеллектуалдык дараметин активдүү түрдө көрсөтүүгө өтүшү керек.

Өлкөбүз келечекти көрө билген окумуштуу, илимпоз, агартуучулардын интеллектуалдык-саясий кыймылына көбүрөөк муктаж болуп турат.


Баарыбызга маалым болгондой, парламенттик шайлоо жакындаган сайын мурдагы жана азыркы депутаттардын, дымактуу жаштардын саясий кыймылдары жайнап чыга баштады.

Бирок өлкөбүз келечекти көрө билген окумуштуу, илимпоз, агартуучулардын интеллектуалдык-саясий кыймылына көбүрөөк муктаж болуп турат. Өлкөнүн экономикалык, саясий жана социалдык маселелеринин тамырын изилдеп, «караңгыдан жол» таап чыга турган жаңы интеллектуалдык-саясий кыймыл жаралышы керек.

Гүлдана Мурзакул, изилдөөчү, Түркия

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (44)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG