Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:01

Саясат - сасык иш эмес


Гүлдана Мурзакул.

Шоучу саясатчылар, аларга кызмат кылган ЖМКлар жана керектөөчү коом менен массалык маданият кыргыз коомун туңгуюкка алып келди.

Адеп-ахлакка кайдыгер коом

Саясатчылар бүгүн бирди айтып, эртең башка нерсени сүйлөй берсе, адеп-ахлак нормаларын сактабаса боло береби? Тилекке каршы, биздин коомдо саясатчылар адеп-ахлак нормаларын бузса, анын кесепетин тартпачу абал өкүм сүрүп турат.

Эсиңиздерде болсо керек, «Республика - Ата Журт» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2008-жылы оппозициядагы КСДПнын катарында жүргөн кезинде кээ бир маселелер боюнча бийликтин кысымына кабылганда саясаттан кетээрин билдирип, депутаттык мандаттан баш тарткан.

Бирок бир жылдан кийин эле ал бийликтин тарабына өтүп, вице-премьер-министрдик кызматты аркалай баштаган. Андан кийин өз партиясын түзүп, көп өтпөй эле ошол партиясы менен саясаттын чордонунан орун алган. Бабанов «саясаттан кетээрин» экинчи ирет 2017-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин билдирди. Бирок бул ирет да билдирүүсүнөн бир жыл өткөндөн кийин саясатка кайтаарынын белгилерин бере баштады. 2009-жылы сөзүнө жана позициясына бекем турбагандыгы үчүн жалпы эл Бабановдон жүзүн буруп кеткен эмес. Тескерисинче, ага ишеним көрсөтүүнү улантып, 2010- жылы аны парламентке алып келишкен. Андыктан Өмүрбек Бабанов бул ирет да «саясаттан кеттим» деген сөзүн кармабай койсо, элдин көпчүлүгү ага эч нерсе дебешин, тескерисинче, өзүнүн келечегин анын колуна тапшырып, шайлоолордо добуш бере берерин жакшы билет.

Ушул сымал дагы бир мисал келтире турган болсок, өткөн күндөрдө жемкорлуктун сазына батып, оңоло албай жаткан өлкөбүздүн биринчи вице-премьер-министр баш болгон аткаминерлери менен спикер баш болгон депутаттары артынан көп сөз ээрчиткен жана мүлкү Финансы полициясы тарабынан текшерилип жаткан Райымбек Матраимовдун өз туугандары менен чогуу өткөргөн спорттук иш-чарасына катышып келишти.

Коомчулук бул иш-чарага катышкандарды эки-үч күн катуу сындаганы менен аларга «сабак» бере алган жок. Башкача айтканда, катышкан аткаминерлердин кызматтан кетишин катуу талап кылбады. Ал эми аталган иш-чарага катышкан депутаттар 2020-жылда боло турган шайлоого катышса, эл аларга добуш бере берээри элдин аларга бүгүн кылган мамилесинен көрүнүп турат.

Биздин коом «саясатчы бүгүн бирди айтып, эртең башка нерсени сүйлөп, жасай берсе боло берет» деп жашай бере турган абалга качан, кантип жетти?

Баарыбызга маалым болгондой эле, Советтер Союзунун доорунда Кыргызстанда саясий башкаруу шарттуу түрдө гана болуп, административдик башкаруу үстөмдүк кылган. Мамлекеттик жана саясий ишмерлер Коммунисттик партия тарабынан аныкталып, Москвадагы бийликтин «куурчагы» болушкан. Москвадагы бийликке жагалданууну мыкты деңгээлде өздөштүргөндөр жергиликтүү бийлик тепкичинде көтөрүлүшкөн. Ушундай терс көрүнүшкө карабай ал мезгилде коомдогу адамдардын көпчүлүгү өз ара мамилелеринде адеп-ахлак нормаларын бекем сакташкан. Ата-бабаларыбыздын кылмышкерлерге карата колдонгон «элден чыгарып коюу» деген жазалоо ыкмасын советтик доордогу эл адеп-ахлак нормаларын бузгандарга карата колдонуп келген. Коомдогу адамдардын көбү «эртең элдин бетин карай албай, жер карап калбайын» деп уятсыз иштерден алыс болуп, айткан сөзүнө бекем турууга тырмышкан. Элдин моралдык нормаларга карата ушундай аяр мамилеси 1990-жылдардагы бир нече фактордун таасири менен түп-тамырынан өзгөргөн.

​Кыргызстан эгемендүүлүккө жетери менен капиталисттик системага өтүп, кыска убакыт аралыгында кыргыз коому керектөөчү коомго айланганы баарыбызга маалым. Керектөөчүлүккө негизделген капитализм адамдардын баарын «элдей болуунун», бийик зоболонун, кудуреттүүлүктүн ж.б. нерселердин көрсөткүчү болгон товарларга (унаа, үй, буюм, кийим ж.б.га) жетиш үчүн умтулууга түрткөн. Көрсөткүч болгон товарды сатып алыш үчүн алгач акчанын булагын табыш керек эле. Жумушсуздугу көп, маянасы аз Кыргызстандын керектөөчү коомунда аткаминерлер да, башкалар да көзгө урунган бардык нерсени - жада калса мамлекеттик кызмат орундарын, кесиптик дипломдорду, соттун актоо өкүмүн, мамлекеттик кендерди - соода предметине айлантып сатып, акча табууга өтүшкөн.

«Акча табыш үчүн жазылган-жазылбаган мыйзамдарды тебелесе боло берет» деген түшүнүк өкүм сүрө баштаган. Өлкөдө мамлекеттик мыйзамдар да, моралдык нормалар да аткарылбай калган. Тээ илгертеден бери адеп-ахлак нормаларын бузгандарга карата колдонулуп келген «элден чыгарып коюу» деген жазанын жана «элден чыгып калба» деген эскертүүнүн функциясы керектөөчү коомдо кескин өзгөргөн. Ал түшүнүк «элдей болуп аш-той өткөрбөсөң, элдикиндей машине, кийим, буюм сатып албасаң элден чыгып каласың» деген мааниде колдонулуп, керектөөчүлүккө үндөгөн элемент болуп калган.

Эгемендикке жетери менен Кыргызстан керектөөчү коом менен бирге эле глобалдашуу жараянына жана маалымат дооруна да кадам таштаган болчу. 1990-жылдардын биринчи жарымында жеке менчик ЖМКлар (газета-журнал, ТВ, радио) пайда болуп, кыска убакыт аралыгында алардын саны кескин көбөйгөн. ЖМКлар (жергиликтүү, орусиялык ж.б.) Кыргызстанга Батыштын массалык маданиятын алып келишкен. Искусствону «стандарттык товарга» айлантышып, кыргыз коомунда массалык маданияттын -Теодор Адорнонун термини менен айтканда «маданият индустриясынын» үстөмдүгүн орното башташкан. Массалык маданият (телесериалдар, жеңил-желпи чыгармалар менен кинотасмалар, поп-музыка ж.б.) элди адеп-ахлак нормаларынан, улуттук баалуулуктардан жана эстетикадан алыстаткан.

Ошентип керектөөчү коом жана массалык маданият коомубузда адеп-ахлак нормаларынын сакталышына карата кайдыгерликти жараткан.

Шоучу саясатчылар жана туңгуюктагы коом

Капиталисттик система медианын жардамы менен керектөөчү коомду жана массалык маданиятты жараткан эле. Медиа (газета-журнал, ТВ, радио жб.) адамдарды ынандырып, багыттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ каражат болгондуктан элдин аң-сезимин ойготууда да, маң кылууда да колдонулуп келет. Тагыраак айтканда, ЖМК өзүнө ээлик кылгандардын максатына жараша элди агартып, ойготот же тескерисинче элди манипуляциялап, башын маң кылат. Бүгүнкү күндө дүйнөдө саясий элита менен бизнес элита медиага ээлик кылып, анын маң кылуучу күчүн колдонуу менен өз максаттарына жетип келе жатат.

Кыргызстанда 1990-жылдардын баштап мамлекеттик ЖМКлардын баары бийликтин кызыкчылыгына, ал эми жеке менчик ЖМКлардын басымдуу бөлүгү ар кандай позициядагы саясатчылардын кызыкчылыгына кызмат кыла баштаган. Алар ушактарды жайып, элди чындыктан алагды кылып, манипуляция жүргүзүшкөн. Ушундай ЖМКлардын журналисттери «саясат - сасык иш» деген ж.б.у.с. кептерди элдин аң-сезимине сиңиришкен. «Саясат - сасык иш» - бийлик төбөлдөрү менен саясатчылардын эл алдындагы жоопкерсиздигин, мыйзамды тебелөөсүн, адеп-ахлаксыздыгын легитимдештирген кеп эле. Элдин көпчүлүгү ал кепти жерибей, туура көрө баштагандан тартып коомдо «саясатчылар ар күнү ар башканы сүйлөп, ар башка позицияны карманып, ар башка нерсени жасай берсе боло берет» деген коркунучтуу түшүнүк өкүм сүрө баштады.

Чындыгында саясат - сасык иш эмес! Саясат - жоопкерчиликти талап кылган олуттуу иш. Республика деген мамлекеттик башкаруу формасына негизделген Кыргызстандай өлкөлөрдө саясат жана саясатчылар жарандардын бүгүнкү жана эртеңки жашоосун аныктайт. Андрей Мясников айткандай, саясат - өзүнүн, жакындарынын жана бардык адам баласынын келечегине кайдыгер карабаган жана салык төлөгөн ар бир жарандын иши. Мясников «саясат - ыплас иш» деген кеп адам баласынын аң-сезими үчүн кооптуу тузак экенин, адамдарда жарандык-саясий иш-аракеттерге карата терс мамилени пайда кылаарын, аларды пассивдүү жаранга айландырарын айтат.

Кыргызстанда саясатчылар медианы колдонуу аркылуу өздөрүн шоучуга, ал эми элди пассивдүү көрүүчүгө айландырууга жетишти. Саясатчылар парламент трибунасында, телеканаларда, гезит беттеринде жана социалдык түйүндөрдө элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандай сүйлөгөнү менен көшөгөнүн аркасында ар бири жеке кызыкчылыгы үчүн иш кылып келет. Экранга чагылдырылган парламент трибунасында аткаминерлерди жарга такап, бийликти сындаган оппозициячыл партия өкүлдөрү көшөгөнүн аркасында бийликчилдер менен кол алышып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырат.

Эл саясатчылардын медиа аркылуу көрсөткөн шоусун карап отурат. Ошону талкуулап, ошого кол чабууда же сындоодо. Медиадагы маалыматтын ылдам агымы элге кечээ көргөндөрүн бүгүн унуттурууда. Элдин арасында «силердин саясат деп көрсөткөн шоуңар - саясат эмес, саясат - сасык иш эмес» деп саясатчылардан жоопкерчиликти талап кылган жана өзү да жоопкерчиликтүү болуп жарандык-саясий институттарда жана иш-чараларда орун алгандар аз болуп турат.

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Жоопкерчиликсиз шоучу саясатчылар, алардын карамагындагы медиа, адамдарды «элдей болтурган» товарлардан башка бардык нерсеге кайдыгер караткан керектөөчү коом жана массалык маданият коомубузду туңгуюкка алып келди. Кыргыз коому туңгуюкта.

Коомдогу көпчүлүктү агартып, аң-сезимин ойготуу менен гана коомду туңгуюктан чыгарса болот. «Аң-сезимди ойготуу» деген термин менен айткыбыз келген нерсе - коомчулукка аларды туңгуюкка салган себептерди аңдатуу, аларды адилеттүүлүккө, теңдикке жана эркиндикке, ошондой эле сапаттуу жашоого умтултуу болуп саналат. Агартуучулук иш жүргүзүп, аң-сезимди ойготуу милдети - интеллектуалдык катмардын мойнунда. Маалымат жана технология доорунда интеллектуалдык катмар медиа жана жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен элдин аң-сезимин ойготууга жетише алат.

Кыргызстандын интеллектуалдык катмарынын мойнундагы дагы бир чоң милдет- керектөөчүлүккө негизделген глобалдык капитализмдин чеңгелинде эл аралык капиталга көз каранды абалда күн өткөргөн өлкөбүз үчүн өнүгүү моделдерин иштеп чыгуу болуп саналат. Капитализм ийкемдүү система болгондуктан кризистерге учураган сайын жаңы стадияга өтүп жашай берет. Азырынча мындай системага альтернатива жок. Демек, капиталисттик системанын ичинде өлкөбүздүн өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген өнүгүү моделдерин иштеп чыгуудан башка арга жок.

Бангладештик банкир жана экономист Мухаммед Жунус Бангладештин (өтө жакырлардын көптүгү сымал) өзгөчөлүгүнө ылайык чакан насыя системасын иштеп чыкканы, бул системанын жакырдык менен күрөшүүдө пайдалуу болгону маалым эмеспи. Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн тактап, талдап, ошого жараша бир нече моделди иштеп чыгып ишке ашыруу менен ѳлкѳнүн социалдык жана экономикалык абалын жакшыртуу толук мүмкүн.

Гүлдана Мурзакул, Түркия

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG