Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:30

Эл шайлагандар элден алыстап кетти


Руслан Акматбек.

Бизнес боюнча эксперт Руслан Акматбектин блогун сунуштайбыз.

Кечээ жакында бир ишкер агам менен айыл чарбадагы бүтпөгөн көйгөйлөрдү сүйлөшүп олтурганда, “өлкөнүн ээси жок болуп атпайбы” деп зээни кейип, үшкүрүнүп алды.

Ээси жок дегени, жол башчысы жок деп, натыйжасыз башкарууну кыйытканы. Чындыгында байкоо салсаң, мамлекеттин башкаруусунда турган тармактын баары чиелешкен көйгөйгө айланыптыр.

Саламаттык сактоо, билим берүү, экономика, укук коргоо, айыл чарба, социалдык тармак. Аткаминерлер элдин жашоосун жеңилдетип, турмушун оңдоонун ордуна, тескерисинче, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, жарандарды түйшүккө салууга адистешкен сыяктуу. Коомго, жаранга кызмат кылып, чечим сунуштай албай, мүмкүн болушунча турмушун оорлоштуруп, “тормоз” ролун жакшы аткарууда.

Мисалы, биз бүгүн балдарыбыз үчүн сапаттуу, жакшы билимди сырттан, жеке менчик же өлкөбүздөгү эл аралык билим берүү мекемелеринен алууну көздөйбүз. Дарылануу үчүн айласыздан Индия, Орусия, Түркияга агылабыз же бул жердеги жеке менчик бейтапканаларга баш багабыз. Бирибиз да өзүбүздүн мамлекеттик саламаттык сактоо мекемеси менен байланышкыбыз келбейт. “Кудай сактасын” деп жаа бою качабыз, ишенбейбиз.

Укук коргоо органы “укук кордоо органына” айланганы ким үчүн жаңылык? Алардан тартынабыз, бизди коргой турган милициядан коркобуз. Бала-чакабызды багабыз деп мигрантка айланып, тыйынды да сырттан издейбиз. Билинбей эле ыңгайы келсе дароо таштап кете турган өлкөгө айланыптырбыз. “Улуу элбиз” деп көрүнгөн жерде бакырып, жадагалса өлкөбүздүн коопсуздугун да башка бирөөлөр чечип берсин деп талап кылабыз.

Соттогу жараяндар, андагы пара алуу, чыгарылган чечимдер боюнча сөз кылуунун кажети барбы? Чет өлкөдө адилеттүүлүк издөөнүн мүмкүнчүлүгү болгондо, баарыбыз түз эле ошол жактарга кайрылмакпыз. Бир эле сот менен укук коргоо органдары эмес, президенттик институт, Жогорку Кеңеш, өкмөт... баарынын эмне үчүн, ким үчүн иштеп жатканы белгисиз. Сын айтсаң эле, “андай дегенден алыспыз, факты, факты” деп отуруп реалдуулуктан, андан өтүп элден да алыстап кетишти.

Тез арада президентке, өкмөткө, эл өкүлдөрүнө реалдуулук менен байланыштыруучу адистерди дайындоо учурдун талабы болуп калды. Жогоруда айткандай, баалуулуктардын көпчүлүгүн сырттан издесек, анда бу бийликтин кереги кандай? Президентти, эл өкүлдөрүн эмнеге шайладык деген жөнөкөй суроо туулат.

Эми “Жаманбы-жакшыбы, оокат жүрүп жатпайбы?” дешиңер мүмкүн. Албетте, турмушту жеке сектор, жеке демилге жеңилдетет. Жеке сектор деген – бул теманын башында өлкөбүздүн бүгүнкү абалына кейиген ишкерлер. Ийгиликти, жаңылыкты, жакшылыкты алып келген да ошолор. Бүгүнкү күндө өнүгүүнү да камсыз кылган – ошол жеке ишканалар. Ак үй, көк үй өнүктүрөм деп жүдөбөй эле жеке секторго тоскоол болбосун. Жолтоо болбой кол кабыш кылганда, азыр такыр башка өнүккөн Кыргызстанда жашамакпыз. А бирок иш жүзүндө жөнгө салабыз деп, жарандын да, ишкердин да канын шимирип жатпайбы.

Кантип бул абалга келдик? Мунун жөнөкөй себеби бар. Биринчиден, мамлекеттик органдар, аткаминерлер, өлкө жетекчилиги эч качан адамды, жаранды, пендени, анын акысын, укугун, баалуулугун биринчи орунга койгон эмес. Өлкөбүздө бүтүндөй жараяндар кандайдыр бир макамга жетүүгө арналган. Бийликке жеткени эле ээлеген ордун менчиктештирүүгө өтөт. Эмнеге? Анткени, бийликке ресурс үчүн келишет. Ээлеген кызматтары – негизги киреше булагы. Себеби, эл катары жеке сектордой болуп атаандашууга мээси жетпейт. Бийликке жеткенде акырга жеткен жандыктардай болуп талашка түшүшөт. Андыктан бийликтин ыраазычылыгы, отчет, кагаз, план, көз боёмочу көрүнүш ар дайым биринчи орунда болуп келген.

Биз “Улут, стратегия, мамлекеттүүлүк, идеология, коопсуздук, дин, мыйзам, концепция” деп элди алаксытып, коомду манипуляция кылып, бирок мамлекеттик башкаруунун бүт тармактарында жөнөкөй адамды, анын эркиндигин, баалуулугун, муктаждыктарын, талаптарын, укугун, коопсуздугун унутуп калыптырбыз. Акыркы учурларда адамга маани берип, өнүгүүнү камсыз кылган демократиялык баалуулуктарды да четке кагып, чектөөгө өттүк. Адам өнүксө, анан өлкө өнүгө турганын такыр баамдай албадык.

Ошондон улам бийлик бутактарында кошоматка кой союу, жагалдануу, уурдоо, жалган айтуу, укуксуздук, зордук-зомбулук көнүмүш адатка айланды. Ушунун айынан сабатсыз, текст окуй албаган же тексттен гана окуп сүйлөй алган, бирок принциби жок, макамга жетүүнүн гана амалын издеген кадрлар элдин тагдырын чече баштады.

Учурдагы абалга көңүл бургулачы, пандемия, апаат, оор турмушка карабай Ак үй эмне менен алек? Сөз эркиндигин, Интернетти, жарандык коомду чектөө, кландарды коргоо менен алек.

Эки революцияга карабай, эси жок бийлик дагы эле эгемен өлкөгө ээ чыга албай келет. Аманатка кыянат кылбай, чыгарылган чечимдердин пайдасы мамлекеттин чыныгы ээси болгон элге, салык төлөөчүгө тийиши үчүн Кыргызстанда дагы эмне болуш керек?!

Руслан Акматбек

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (25)

XS
SM
MD
LG