Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

COVID-19: Кыргызстан калкынын 35% эмделди


Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү 2021-жылдын март айынын аягында башталган.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү 2021-жылдын март айынын аягында башталган.

Кыргызстанда вакцина алса боло турган калктын 35 пайызы эмделди. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын белгилешинче, калктын 70% эмделсе оорунун тарашы басаңдайт.

"Биз 2 млн. 300 миң адамды же болбосо 18 жаштан 60 жашка чейинки тургундарды эмдешибиз керек. Бул калктын 70% түзөт. Азыр ушунун 35 пайызы эмделди. Бул деле жаман көрсөткүч эмес. Азыр ооругандардын санынын бир топ азайышына эмдөө дагы таасирин тийгизди", - деди Суранбаев.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда бир суткада 7200дөн ашуун киши эмделди. Алардын теңинен көбү вакцинанын биринчи дозасын алган. Ушуну менен коронавируска каршы эмделгендердин жалпы саны 1 млн. 400 миңден ашты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, вакцинаны кош бойлуу, бала эмизген келиндерден сырткары 18 жаштан жогорку бардык жарандар алса болот.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Өлкө боюнча 847 эмдөө пункту ачылса, алардын 73ү Бишкекте иштеп жатат. Кыргызстанда учурда эмдөө акысыз. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG