Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган марафон өттү


Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык марафону өттү. Nomad Sport компаниясы уюштурган иш-чарага 5 миңден ашуун спортчулар, күйөрмандар катышты. Жарыштан чогулган каражаттын бир бөлүгү ак илбирсти коргоо иштерине жумшалат. Быйылкы жарыш “Үлгү бол!” деген ураандын алдында уюштурулган.

Бул жолку жарыштын катышуучулары 1, 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашты. Үч жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өткөрүлдү. Байге фонду 200 миң сомду түзөт.

Изилдөөчүлөр Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген ак илбирстер санын 300-500 айланасында деп айтып жүрүшөт. Акыркы жылдары алардын болжолдуу так санын аныктоо боюнча аракеттер жүрүүдө. Ак илбирске зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айып пул каралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG