Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Германияда Бундестагга шайлоо өтүп жатат


Германиядагы шайлоо. 26-сентябрь, 2021-жыл
Германиядагы шайлоо. 26-сентябрь, 2021-жыл

Германияда 26-сентябрда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул жолу акыркы 16 жылда биринчи жолу Германиянын учурдагы канцлери Ангела Меркелдин катышуусу жок өтүүдө. Ангела Меркель 2018-жылы Христиан-демократиялык союзунун жетекчилигинен кеткен жана канцлер катары төртүнчү мөөнөтү бүткөн соң саясаттан кетерин билдирген.

Германиядагы шайлоо кыйыр түрдө болот. Бул шайлоочулар канцлерди эмес, Бундестагдын башчылыгына талапкерди көрсөткөн партияны тандайт дегенди билдирет.

Социалдык сурамжылоого караганда, Бундестагга алты партия өтүшү мүмкүн. Жалпысынан шайлоого 50 партия катышууда. Германиянын өкмөтү 598 орундуу, өткөн шайлоодо Бундестагга 700дөн ашуун депутат өткөн. Бул жолу алардын саны 800дөн ашышы мүмкүн.

2005-жылдан бери канцлер болгон Меркел шайлоодон кийин кызматын өткөрүп берет.

Бундестагга шайлоо - Ангела Меркелден кийинки немис канцлери ким болору аныктайт. Канцлердик орунга үч популярдуу саясий уюмдардан талапкер ат салышууда. Алар Христиан-демократиялык союзунун төрагасы Армин Ланшет, вице-канцлер жана Сациал-демократтар партиясынын мүчөсү Олаф Шольц, "Жащылдар" партиясынан Анналена Бербок. Байкоочулар булардын ортосундагы ажырымдын аз экенин белгилешип, шайлоонун жыйынтыгын белгисиз деп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG