Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

АКШ элчилигинин алдында жаныбарларды коргоого чакырган пикет өтүп жатат


Жаныбарларды коргоога чакырган пикет. Бишкек. 26-сентябрь, 2021
Жаныбарларды коргоога чакырган пикет. Бишкек. 26-сентябрь, 2021

АКШ элчилигинин алдына жаныбарларды коргоого чакырып, Бишкектин он чакты тургуну акцияга чыкты. Алар көчөдөгү ит-мышыктарды атууга каршы экенин айтууда. Акцияга чыккандар, Бишкекте жыл сайын 10 миңден ашык ит атыларын, ага бюджеттен 3 млн. сом бөлүнөрүн белгилешкен.

Буга чейин Бишкектин мурдагы вице-мэри борбордо 200 миңдей жолбун ит бар экенин, алардын 60-70 миңдейин жыл сайын мэрия аттырып турарын билдирген эле. Ал жыл жолбун иттер шаарда көбөйүп жатканын айткан.

2020-жылы эле шаарда 1456 кишини ит тиштеп алып, расмий арыз менен мэрияга кайрылган.

Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципиалдык ишканасы февраль-март айларында шаардагы жолбун иттерди тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Медиктер жыл сайын ит, мышыктан адамга жуккан боордогу мите курт, паразит оорулары көбөйгөнүн эскертүүдө. (КЕ/GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG