Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Чүйдүн Байгелди айылындагы тоо боорундагы чөп өрттөндү


Быйыл Кыргызстанда кургакчылык болуп, Чүй боорундагы айдоо аянттары сугарылбай калган.
Быйыл Кыргызстанда кургакчылык болуп, Чүй боорундагы айдоо аянттары сугарылбай калган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-сентябрдын түнүндө маалымдады.

Өрттү өчүрүүгө түнкү саат 11ден өткөндө жети куткаруучудан турган атайын топ чыккан. Байтик айыл аймагынын Байгелди жана Арчалы айылындагы тоо боорунда болжол менен 100 гектардай жер күйдү.

Окуя болгон жерге дагы кошумча күч тартылары кабарланууда. Министрлик тоо этегинде чыккан өрттү жакадагы үйлөргө жеткирбөө аракети болуп жатканын билдирди. Өрттүн себеби азырынча тактала элек.

Быйыл Кыргызстанда кургакчылык болуп, Чүй боорундагы айдоо аянттары сугарылбай калган.

Жергиликтүү дыйкандар суу тартыштыгына нааразы болуп, бир нече ирет баш калаа Бишкекке акцияга чыгышкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG