Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Чет өлкөдөгүлөр үчүн шайлоо боюнча мобилдик топтор иштей баштады


1-октябрдан 10-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Анталия шаарларында шайлоочуларга маалымат берилет.
1-октябрдан 10-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Анталия шаарларында шайлоочуларга маалымат берилет.

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык шайлоочулар үчүн мобилдик топтор парламенттик шайлоого байланыштуу маалымат берип баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Орусия, Европанын айрым өлкөлөрү, Түркия жана АКШда бир нече мобилдик топ 23-сентябрдан 15-октябрга чейин иштейт.

Мобилдик топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери жана саны, жарандарды консулдук каттоого алуу, биометрикалык каттоодон өткөрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

21-сентябрдан тартып мобилдик топтор Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларында кыргызстандык шайлоочулар менен жолукту. 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин Тюмен, Томск, Хабаровск, Казан, Самара, Краснодар шаарларында жолугушуулар пландалган.

Ошондой эле, Италиянын Рим жана Кальяри шаарларында 28-сентябрга чейин мобилдик топтор иштейт. 1-октябрдан 10-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Анталия шаарларында шайлоочуларга маалымат берилет.

АКШнын Нью-Йорк, Чикаго калааларында жашаган кыргызстандыктарга да жолугушуулар уюштуруларын БШК кабарлады.

Бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Германия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо быйыл, 28-ноябрда өтөт. 54 депутат Жогорку Кеңешке пропорционалдык - саясий партиялардын тизмеси менен, 36 депутат мажоритардык - бир мандаттуу система менен шайланат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG