Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" менен шайлоого барышы мүмкүн


2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамында катышкан.
2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамында катышкан.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого барышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымдады.

"Партиянын айрым мүчөлөрү бюродо жыйын уюштуруп, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамында шайлоого баруусу тууралуу чечим чыгарышыптыр. Биздин социалдык, саясий жана мамлекеттик түзүлүш боюнча көз караштарыбыз эң жакын. Биз кечээ саясий кеңештин жыйынын өткөрдүк, бул боюнча азырынча сөз боло элек".

Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев да Мадумаровдун бул сөзүн тастыктап, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азырынча бир бүтүм чыга электигин "Азаттыкка" айтты.

2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамында катышкан.

Буга чейин "Улуттар Биримдиги" менен НДПК партиясы, "Ата Мекен" менен "Реформа" партиялары коалиция түзүү боюнча макулдашканын жарыялаган эле.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо быйыл, 28-ноябрда өтөт. 54 депутат Жогорку Кеңешке пропорционалдык - саясий партиялардын тизмеси менен 36 депутат мажоритардык - бир мандаттуу система менен шайланат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG