Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Чек ара жаңжалынан жабыркаган 35 ишкерге убадаланган жардам бериле элек


Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган имарат.
Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган имарат.

Апрель айынын соңундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыр тарткан Лейлек районундагы бир топ ишкер мамлекеттен убадаланган ссуда да, жеңилдетилген насыя да албай калды. Мындай маалыматты Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Суанхан Турсунов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Депутаттын айтымында, чек ара жаңжалында жабыр тарткан ишкерлер атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясына тиешелүү документтерин берген.

"Кошумча такталган эсеп менен жалпы 44 ишкерге мамлекет убадалаган 200 миң сомго чейин ссуда жана ушунча эле суммадагы жеңилдетилген насыя берилиши керек эле. Бирок жергиликтүү бийлик бул ишкерлер патент жана салыктарды төлөбөгөндүктөн, аракети тиешелүү жоболорго туура келбейт деп түшүндүрдү",-деди Турсунов.

Расмий маалыматтарга караганда, облус боюнча 76 жабыркаган ишкердин тизмеси аныкталып, алардын ичинен бекитилген жобого ылайык келген 51 ишкерге жардам көрсөтүлдү. Лейлек райадминистрациясынын экономика, инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Абдисамат Акматов патентти өз убагында төлөбөгөндүктөн 35 ишкерге жардам берилбей калганын ырастады.

"Бул боюнча жергиликтүү комиссия дагы карап, алардын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн Экономика жана финансы министрлигине сунуш жөнөтүлдү. Бирок маселе качан, кандай чечилери белгисиз",-деди жергиликтүү бийлик өкүлү.

28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Кыргызстандан 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куючу станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Ошол учурда жергиликтүү жана өкмөттүк комиссия куралдуу жаңжалда Баткен облусунун аймагында жалпы чыгым бир 1 млрд. 300 миллион сомдон ашканын иликтеп чыккан. Чыгымдар ордуна келтирилери айтылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG