Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Чүйдө жеке бала бакчада өрт чыкты


Бала бакчада чыккан өрт. ӨКМ тараткан сүрөт.
Бала бакчада чыккан өрт. ӨКМ тараткан сүрөт.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалымдашынча, 27-сентябрга оогон түнү Аламүдүн районундагы Маевка айылындагы "Алгачкы кадам" деп аталган жеке менчик бала бакчанын имараты өрттөнгөн. Бала бакчанын 220 чарчы метр чатыры, эки кабаттуу 15 даана керебет, 20 даана матрас, 20 пластик олтургуч жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттөн жапа чеккендер катталган эмес.

Ошондой эле, 26-сентябрь күнү, саат 23:00 чамасында Маевка айылындагы үйлөрдүн бири күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр бригадасы өрттү өчүргөн кезде үйдүн ичинен иске ууланган 87 жаштагы аялдын сөөгү табылган.

2021-жылдын сегиз айында республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 29,8% көп. 2020-жылы 1515 өрт катталган. Өрттүн кесепетинен 25 адам (2020-жылы 14 адам) каза таап, 36 адам жабыркаган (2020-жылы 21). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд. 389 млн. 727 миң сомдук мүлк сакталган.

Өрт негизинен электр жабдууларын, мешти жана морду этиятсыз колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан чыгат. Кырсык эң көп Чүй облусунда катталган. Кийинки орунда Баткен облусу, Бишкек шаары турат.
(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG