Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин соту создугууда


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс 27-сентябрга жылды. Апрель айынан бери токтоп турган сот иши ар кандай себептер менен улам артка жылдырылып келет. Ал аралыкта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголду.

Бул иш боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Равшан Жээнбеков камакта жатат.

Сот отуруму 20-сентябрда уланмак. Бирок айыпталуучулар, жабырлануучулар жана адвокаттар толук келбегендиктен иш 27-сентябрга жылдырылды. Сот залына Равшан Жээнбековду гана алып келишти. Атамбаев менен Ниязовду жеткиришкен жок.

Кой-Таш окуясы боюнча бир жылга жакын абакта отуруп, 2020-жылы октябрь окуясынан кийин камактан чыккан саясатчы Равшан Жээнбеков өткөн айда кайра кармалды. Ал сот залына кирип келе жатып:

“Кыргызстанга оор социалдык-экономикалык кризис келатат. Бийлик мамлекетти эффективдүү башкара албай жатат. Оор абалдан чыгуу үчүн бардык саясатчыларды саясий талаадан жок кылганга аракеттенүүдө. Бир дагы авторитардык бийлик куугунтуктоо жолу менен ийгиликке жеткен эмес. Баары туңгуюкка келип такалган, канчалык басым жасаса, ошончолук бийликке азап болот”,-деди.

Президент Садыр Жапаров буга чейин мурдагы президентти бошотуу маселесин "сот чечет" деп жооп берген.

2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш ишинде Атамбаев, Ниязов, Жээнбековдон сырткары депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев баштаган ондон ашык киши айыпталууда.

Атамбаевге козголгон кылмыш иштер

Алмазбек Атамбаевге мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда жалпы беш кылмыш иши козголгон.

Алар: мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди түрмөдөн чыгаруу, Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.

2020-жылы июнда "Батукаев иши" боюнча 11 жылга соттолгон Алмазбек Атамбаевге сот өкүмү 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилген.

Анткен менен жаңы бийликтин учурунда Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Өткөн аптада Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча Атамбаевге кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түрк жаранына кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын угузду.

Атамбаевдин адвокаттары Замир Жоошев менен Сергей Слесарев ага козголгон кылмыш иштердин санагынан жаңылып калганын айтышууда.

“Мен жактоочу катары эсебин деле жоготуп алдым. Атамбаевди айыптоо маани-маңызын жоготту. Бул жерде тергөө зарылчылыгы эмес, саясат болуп жатат”, - деди Замир Жоошев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө козголгон жаңы кылмыш иштери тууралуу билдирүү жасай элек. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда, азыркы бийлик октябрь окуяларына туура эмес баа берип жатканын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Атамбаевге козголгон кылмыш иштерине акыркы чекитти сот коюш керек деп эсептейт.

“Бизде атайын органдар бар. Эгер алар кылмыштын курамы бар деп тапкан болсо туура эле отурат. Анын президенттик убагында саясий чечимдер, мамлекеттүүлүк, коопсуздук боюнча кылган иштерин эске алышыбыз керек. Анын иштерин баалаган адамдар дагы көп болуп жатпайбы. Кандай болгон күндө дагы сот акыйкат чечим чыгарыш керек. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу боюнча депутаттык комиссия түзүп, ишти аягына чыгалбай отурабыз. Бишкек ЖЭБине чоң насыя алынган. Анын убагындагы кылмыштарга баа берилиш керек”.

65 жаш жана сурак

17-сентябрда Атамбаевдин Кой-Таш айылында анын 65 жашка чыкканына байланыштуу иш-чара өттү. Анда сөз сүйлөгөн аялы Раиса Атамбаева жаңы бийлик Атамбаевдин кылмыш иштерине мамилесин жумшарткандын ордуна, жаңы кылмыштарды ачып жатканын айтты.

“Бул бийликтин колунда кандайдыр бир жумшартуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок жаңы кылмыш иштерин токуп, бардык буроолорду бурап жатат. Элди түбөлүк алдай албайсың. Кимдин-ким экени бат эле анык болот”.

17-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери жана жакындары Кой-Таш айылындагы үйүнө чогулуп, анын 65 жашка чыгышын белгилеп, Атамбаевди абактан бошотууну талап кылышты.

Талас облусунун администрациясынын мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов мурдагы президент сот чегерген жазасын өтөп бүтүп, анан абактан чыгыш керек деп эсептейт.

"Кантип абактан бошотулат? Бир канча кылмыш иши козголуп, соттун өкүмү чыккан. Атамбаев абактан чыкса, анда башка абакта отургандар эмне кылыш керек? Болгону соттук процессти ачык кылуу зарыл. Атамбаев абактан чыгам десе президент Садыр Жапаровдон ырайым сурасын, ошол гана жолу бар".

Мурдараак Атамбаевдин туулган күнүнө байланыштуу Бишкекте митинг өтөрү кабарланып, кийинчерээк ал болбой калганы айтылган.

Ага утурлай маданият кызматкерлеринин 17-сентябрда өтөт делген митинг тууралуу президентке жазган катынын негизинде бир канча саясатчы сурак берип чыккан.

Сурак бергендердин катарында 17-сентябрдагы Кой-Таш айылындагы иш-чаранын уюштуруучусу, Атамбаевдин эски үзөңгүлөшү Туйгунаалы Абдраимов дагы болгон.

20-сентябрда Абдраимовдун үйү жана кеңсеси тинтүүгө алынып, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) суракка алганы белгилүү болду. Анын уулу Элмурат Абдраимов атасына карата “Мыйзамсыз баюу” деген берененин негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал учурда Бишкектеги №47 колонияда отурат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG