Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

Кектешүүдөн ким утат?


Мургаб, 2017-жылы тартылган сүрөт.

Ушул күндөрү катуу капаланып, сар-санаадан арылбай жүрөм. Кээ күндөрү дүйнөм тарып, өзүмө батпай кетем. Туңгуюкка кептеген түпсүз суроолор мээмди жеп, жаныма тынчтык бербей, уйкумду качырат.

Баарына кол шилтеп, баарына көздү жумуп, не болсо ошол болсун деп басып кетким келет. Бирок кеткенде кайда барам? Баары бир туугандарымдын тагдыры, элдин тагдыры кайра эле түйшүккө салат, миң ойлонтуп, миң толгонтот...

Негизи биз, Жерге-Талдын кыргыздары, мурда тажиктер менен бир туугандай эле жашап келген элек. Жакшылык-жамандыкта, аш-тойлордо тажик-кыргыз деп бөлүнбөй, бир элдей эле катташчубуз. Эки улуттан тургандыгына карабастан, Каратегиндин элиндей ынтымактуу эл дүйнөдө аз эле болсо керек эле.

Рахматы атам айтып калчу: "Тажикабад менен Гармдын (жалаң тажиктер жашаган кошуна райондор – А.К.) элиндей меймандос эл жок. Күндүз барасыңбы, түндө барасыңбы, кучак жайып тосуп алышат. Эгер таанышың, дос-жарың жок болсо, каалаган үйдүн эшигин кагып, кирип бара берсең болот. Аларда мусапырга жол бербөө деген болбойт, антүү абдан уят иш эсептелет".

Албетте, союз убагында Жерге-Талдын элинин пейили да ошондой эле, бир сындырым нанды конок менен бөлүп жегенге шашышчу. Тилекке каршы, эми минтип баары төгүл-чачыл болгон заманда базар экономикасы мейманга берилчү тамак-аштын да эсебин алдырчу болбодубу.

Кийинки, ар ким өз алдынча кеткен (эгемендикке ээ болгон) отуз жыл аралыгында да эки элдин ынтымак-ырашкерчили, мунасасы жаман болгон жок. Ырас, кез-кезде анча-мынча талаш-тартыш болуп турат, "сен кыргызсың, сен тажиксиң" деп бөлгөн бузукулар да жок эмес. (Албетте, жетекчи кызматтагылардын мамилеси – башка маселе). Бирок карапайым элдин бири-бирине көңүлү түз, пейили ак, ынтымагы бекем. Алардын кимиси болбосун чыр-чатак, уруш-жаңжал болбосо экен деп тилейт.

Тилекке каршы, быйылкы чек ара жаңжалы эки элдин жүз жылдык достугуна оор залакасын тийгизди. Канчалаган тажик-кыргыздарды түйшүккө салды.

Ушунун баарына ким күнөөлүү? Эмне үчүн ушундай болуп кетти? Эмне үчүн карапайым эл (кыргызы да, тажиги да) бүгүн да жапа чегип жатат? Деги бул мүшкүлдүн бүтөр сааты барбы?

Эгер эки ортодо курал-жаракка эмес, дипломатиялык өнөргө басым жасалса, саал акылга салып, алды-артын ойлоп иш жүргүзгөндө, Баткендеги трагедия жүз бермек эмес. Жооптуу кызматтагылардын калпыс кадамы, алабарман саясаты ушундай оор натыйжага алып келди.

Улуу акын Алыкул Осмоновдун "Өткөн өттү, өкүнгөндө не пайда /Андан көрө келечекке бел байла" деген керемет саптары бар. Өткөн өттү-кетти, өткөнгө салават дейин десең, эки улутту кайраштырган, душмандаштырган сокур саясат бүгүн да улантылып жатат.

Жакында эки тажик жаранынын өмүр бою абакка кесилгени, дагы бир канча кыргызстандык тажиктердин "мамлекеттик чыккынчы" катары оор беренелер менен айыпталып жатканы мени дагы чоң түйшүккө салды.

Ушундай эле "чыккынчылар" Жерге-Талдын кыргыздарынан да кармалып, алды жыйырма жылга кесилип кеткенин көпчүлүк биле бербесе керек. Биздикилердин аракети алардын кадамына "адекваттуу жооп" болгону анык.

Алардан тышкары Дүйшөмбүдө кырчындай төрт жигит (кыргыз жарандары) чек араны бузуп өттү деген болбогон шылтоо менен беш жылга камалып кетти. Ал эми учурда тажик жарандары ошондой эле тагдырга кабылып, биздин түрмөлөрдө.

Урматтуу журт башылары! Эки элдин кызыкчылыгы, келечеги үчүн акыл-эске келбейлиби, өткөндү кечиришпейлиби, бири-бирибизди аңдымайды, күнөөлөмөйдү коюп, мунасага келүүнүн жолун издебейлиби! Бир жолу акыл калчап, мындай тирешүү улана берсе, аягы эмне менен бүтөрүн ойлоп көрбөйлүбү?

Минтип өчөшө берсек эч качан пайда таппайбыз, тескерисинче, мындай калпыс саясаттын запкысы жөнөкөй элге тиет, эл кыйналат, эл азап тартат. Мындай аракеттин айынан канатташ эки элдин ансыз да сууп бараткан мамилеси сөөк өчтү душмандыкка айланып кетип жүрбөсүн!

Же тажикстандык кыргыздардын эки жылдан бери бири-бирине жетпей, жакшылык-жамандыкта катташа албай, буга чейинки тарткан мүшкүлү аз болуп жатабы? Андан көрө бар күч-аракетиңерди, бийлигиңерди, билимиңерди эки элди жараштырууга, эки элди ынтымакка чакырууга жумшабайсыңарбы?

"Жакшы сөз жыланды ийинден чыгарат" дейт кыргызда. Кантип эле тажиктерде мунасага келүүгө умтулган жетекчилер, инсандар жок болсун? Араздашканды эпке келтирер элдик дипломаттар эки тарапта теӊ бар. Алардын сөзүнө кулак салган "жакшылар" гана жок азыр, тилекке каршы...

Чек араларды бир тараптуу жаап салып эмне пайда таптык? Же тажиктер ачка калып, чөгөлөп келет деп ойлодуңар беле? Тирүүнүн ырыскысы кыйылбайт. Ырас, чек аранын эки жагында тең эл кыйналып жатат, бирок ачкадан өлүп калган жок. Бирок контрабанда менен кылмыштуу күчтөрдү гана тыйып, мыйзамдуу товар агымын токтотпосо, эки эл мамилесин үзбөй мурдагысындай соодасын кыла бермек.

Чек аралар такталганча деп отура бербей (отуз жылда такталбаган талаш бат эле такталып калмак беле), ачыш керек. Баткендин эли кошуналарга алып барып өрүгүн же башкасын сатсын, ал эми тажик туугандар биздин базарларга жашылча-жемишин ташып, соода кылсын. Эки эл мурдагыдай аралашып, ынтымакка келсин.

Кусадан эки көзү төрт болуп жүргөн жергеталдык жана мургабдык боордоштор туугандары менен катташсын. Ошентип, касташуулар, өчөгүш жана таарыныч унутулсун.

Албетте, эки элди кайрадан ымалага келтирип, туугандаштыруу үчүн биринчи кезекте маданий алака-катышты күчөтүү зарыл. Тажикстанда Кыргызстандын маданий күндөрүн өткөрүп (же тескерисинче), биргелешкен фестивалдарды, конкурстарды, кароо-сынактарды уюштуруу абзел.

Эки элдин улуу инсандарынын (мисалы, Ч.Айтматов менен М. Турсунзаденин) тарыхый ишмердигине арналган маданий-агартуучулук долбоорлорду чогуу ишке ашырса болот. Мындан тышкары, мектептерде, жогорку окуу жайларында эл таануу сабактарын киргизип, жакын кошуналарыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адат, каада-салттарын сөзсүз окуп-үйрөнүшүбүз керек.

Опузачыл "баатырлардын" акаратын тыйып, өзүбүздүн мыкты жактарыбызды көрсөтсөк, кошуналардын да чыныгы элдик инсандары ким экенин билүүгө жетишсек гана бири-бирибизден коркпой, касташууну токтото алабыз. Анткени айтылып жүргөндөй, жаман адамдар болушу мүмкүн, бирок жаман улут дагы, эл дагы болбойт.

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG