Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Жерге-Тал кыргыздарын кыйнаган көйгөй


Иллюстрациялык сүрөт.

1996-жылдын август айы такыр эсимден кетпейт. Бул күндү эстегенде Кудайдан бир гана нерсени – согуш болбошун тилейм. Бул каргыш тийгир сөз таптакыр сөздүктөн өчүп, унутулуп калса экен дейм. Ушул күнү кошуна айылда адам көтөрө алгыс чоң трагедия болду. Ушул күнү бир үй-бүлө чоң жоготууга учурады. Ушул күнү бир эненин өмүрү түбөлүк кайгы-муңга, арман, өксүккө айланды.

Тажикстандагы согуштун аягы тыйылбай, ачарчылык алкымдап турганда Жерге-Талдын элинин бир даары Көк-Суунун жээгинен алтын казып, эптеп өлбөстүн күнүн көрүүгө өткөн эле. Улам жыл өткөн сайын жакын жерлерде алтын түгөнө баштаган соң, айласы кеткен эл 20-30 кг жүк көтөрүнүп сууну бойлой өрдөп, эки-үч күн жол жүрүшөр эле. Не бир азап-тозок менен алтын уюган жерге араң жетишчү. Кээде бирдеме табышса, кээде кур кол кайтышчу.

Ошол жылы каникулда айылга келип, бир чети кызыгуум артып, бир чети аз да болсо үйгө пайдам тийсин деген ниетте, эң башкысы, Муз-Тоого бараткандагы бейтааныш тоолорду көрүүгө куштарланып, алтынга жөнөгөн эки бөлөмдү ээрчип алдым.

Кырсык биз кайтып келе жатканда болду. Кызыл-Суу деп аталчу ошол каргашалуу суудан баратканда да секирип өткөнбүз. Бирок анда таңга маал болгондуктан, буйдалбастан тез эле өтүп кеттик. Кайтып келсек… Кудай көрсөтпөсүн, сандыктай таштарды көзгө илешпеген тездикте агызып, кыпкызыл болуп кандай өзгөрүлүп, алда немедей коркунучтуу агып жатыптыр.

Биринчи баарыбыздан шамдагайыбыз, кичүү бөлөм Наби секирип өттү. Анан биз үйдөн келе жатканда секирип өткөн таштын үстүнө чыкты да, таягын узата кармап, бизди өткөрүп алмай болду. Алгач Сыдык бөлөм барды, анын артында лахшылык бир киши, андан кийин мен турдум.

Чынын айтсам, бир жамандык болорун сездим, жүрөгүм капсалаңдуу согуп, бир кырсыктап кабар берип турду. Бирок чечкиндүү боло албадым, Сыдык бөлөмдү колунан кармап токтотуп, ажалдан арачалап кала албадым. Балким, ажал ошол үчүн ажалдыр. Көрүп туруп токтото албаганың, арачалай албаганың үчүн ажалдыр. Ажалдын күчү, сыры, табышмагы ошондодур.

Бул кырсык бир көз ирмемде жүз берди. Сыдык бөлөм Наби бөлөмдүн сунган шыргыйын кармап секирип өтө берерде сууга түшүп кетти. Түшкөндө да жалгыз түшпөй, Наби бөлөмдү кошо ала түштү.

Суунун агымы ушунчалык күчтүү экендигин ошондо байкадым: беталды менен агымга каршы түшкөн Сыдык бөлөмдү көз ачып жумганча тегеретип ийип, тик ылдый беттен чанага түшкөн адам сымал агызып жөнөдү. Ал 30-40 метрден кийин көздөн кайым болду, тагыраагы, чоң шаркыратма бар эле, ошого жетип көрүнбөй калды. А Наби бөлөм түшкөндө эле суунун астына кетти. Күрөштөрдө катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жүргөн Сыдык бөлөм салмактуу болчу, күү менен тартып, аны суунун астына алып кетти окшойт. Бирок, аттиң!..

Наби бөлөм аман калса болот эле да, аман калышына мүмкүнчүлүк бар эле да! Болгону шыргыйды коё бергенде, болгону манжаларын ачып ийгенде. Жок, ал анткен жок. Өзүнүн адамдык насилин, кишилик абийирин таразалоочу көз ирмемде күтүлгөндөй эле аракет жасады. Анын адамдык сапаты менен айкөл жүрөгү мындан башкага жол бербейт эле. Тагдыр чечүүчү ошол көз ирмемде ал үчүн эки гана жол турду: же өзүн сактап калуу же адамдык абийирин сактап калуу. Ал эч ойлонбостон экинчи жолду тандап алды.

Ошол каргашалуу окуя, көз ирмемдик убакытта жүз берген кырсык тууралуу ойлогондо шыргыйды мыжыга кармаган Наби бөлөмдүн элеси көз алдыма тартылат. «Балким, – деп ойлойм ичимден, – таякты коё берүүгө үлгүрбөй калгандыр, нес басып калгандыр».

Жок, ал атайын коё бербептир. Буга менин бир досум айтып берген окуя күбө болду.

– Токсон бешинчи жылдын саратан айы болчу, – деп сөз баштады досум, – биз, бир канча топ болуп алтын казганга баратканбыз. Аптап мээни кайнатып, суулар кирип ээ-жаа бербей ташкындап турган эле. Сугуран дарыясына келсек, көбүк чачып, күкүктөнүп турган экен. Арабыздан бир жигит таштан секирип өтүп жатканда буту тайып кетип, сууга түшүп агып жөнөдү. Ошол учурда Наби аке да өзүн сууга таштап, тиги жаш жигит шаркыратмага жакындап калганда үлгүрүп, суудан чыгарып алды. Бир топ күн өткөндөн кийин, ошол окуя жөнүндө сөз болуп жатканда бир теңтушу тамашалап, андан минтип сурады:

- Наби, ошондо өзүңдү сууга чын эле таштадыңбы, же…

Наби аке дароо жооп бербей, кыйлага ойлонуп туруп:

- Мен бир гана ниет менен: же аны суудан чыгарып алам, же кошо кетем деп таштадым, – деп жооп берди.

Ушуну айтып бүтүп, досум мени карап ойлонуп калды.

Көрсө, ар бир адамдын башына ошондой чечүүчү учур, адамдыгын өлчөөчү көз ирмем келиши ыктымал турбайбы. Өлүм менен өмүрдүн чегин кирпик каккычакты убакыт ажыратып турган ошондой татаал сыноолорго чанда бирөөлөр гана туруштук берип, керек учурда жандан кечип болсо да абийирин, адамдык касиетин сактап калат экен да.

Ким билет, Наби бөлөм байкесин кыя албай кошо кетип жатып, кишиликтин чен жеткис бийиктигине көтөрүлгөнүн сезүүгө үлгүргөн эместир. А кокус ошонун ордунда мен болгонумдачы?.. Көрсө, кимдин-ким экендигин аныктоочу мындай көз ирмемдин биздин да башыбызга түшүшү мүмкүн экендигин ойлоп, ошого алдын ала даяр боло жүрүү зарыл окшобойбу.

Бул эки бир тууган, менин жан күйөр бөлөлөрүм, болгону бири 31, экинчиси 35 жашта эле. Өзүнүн гитарасында кыргыз ырларын бабына келтирип ырдаган Наби бөлөм кыз-келиндердин сүймөнчүгү болчу. Айрыкча ошол кезде эл арасына кеңири тараган маркум Чубак Сатаевдин ырларын мыкты аткарчу. Ал эми улак, күрөш ж.б. сыяктуу мелдештерде дайыма айылдын намысын коргоп келген Сыдык бөлөм өзгөчө бир жаралган айкөл инсан эле. Аны жалпы эл адамгерчилиги, намыска бектиги, сөзүнө туруктуулугу үчүн сыйлачу. Ал өлгөндө аска-тообуз кулагандай эле болду го.

Наби бөлөмдүн сөөгү эртеси эле табылды, а Сыдык бөлөмдү он күн издедик. Чөп орок кызып, тиричилик кыстап тургандыгына карабастан, кошуна айылдардын эли да он күн бою тыным албай биз менен чогуу издешкени эсимде. Ошондогу элдин ыктымагына, биримдигине, адамгерчилигине башымды ийип таазим этем.

Ошол 1996-жылы алтын издейм деп жүрүп бир айдын ичинде алты киши набыт болду. Алгач 18-19дагы аксайлык үч жаш жигитти чоң таш басып калды, андап көп өтпөй менен эки бөлөм сууга акты, анын эртеси аскерде бирге кызмат өтөгөн досум Асат жардан учуп кетти.

Тилекке каршы, алтындын куну муну менен эле бүтүп калган жок, ал жыйырма-жыйырма беш жылдын ичинде кыркка жакын азаматтын башын жалмады. Канча ата-энелер зар какшап, балдар жетим калды.

Тагдырга, жазмышка эч нерсе деп болбойт экен. Мындан төрт-беш жыл илгери рахматы бөлөм Набинин жалгыз уулу (андан бир уул, төрт кыз калган болучу) Эркин да алтынга барган боюнча кайтпай калды. Ал болгону 22 жашта эле. Ошол күздө үйлөнсөм деп максат кылып жаткан.

Канча адамдардын канына забын болгон Көк-Суудан жакында сары-кенжелик кырк жаштагы дагы бир жигиттин агып кеткенин эшиткенде жүрөгүм тилинди. 25 жыл мурдагы кайгылуу окуялар эсиме түшүп, көңүлүм чөктү.

2006-жылы катуу сел келип, Көк-Суу дарыясынын көпүрөсүн алып кеткен эле. Ошондон бери төрт-беш айылдын байкуш эли айыл өкмөттүн борборуна 70 км (12 км ордуна) айланма жол менен каттап азап тартып келет.

Ушул жазда эл өзү демилге көтөрүп, өзү акча чогултуп көпүрө куруп баштаган. Бирок каражат жетишпей калып, азыр токтоп турат. Иштин жарымы бүтүп калган. Кыргызстан тараптан да бир боордоштого кол сунуп, соопчулук иш кылсам дегендер чыгып калса, абдан жакшы болмок.

Аким Кожоев, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG