Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Грекиянын Крит аралындагы жер титирөөдөн бир киши каза болду


Криттеги ураган чиркөө, 27-сентябрь, 2021-жыл.
Криттеги ураган чиркөө, 27-сентябрь, 2021-жыл.

Грекиянын Крит аралында магнитудалык күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. 27-сентябрда эртең менен болгон табигый кырсыктан Ираклион шаарындагы бир чиркөө кулап, анда иштеп жаткан бир киши мерт болду.

Телеканалдар жер силкине баштаганда көптөгөн адамдар имараттардан көчөгө чуркап чыгып жатканын көрсөтүүдө. Аралда бир топ турак жай кыйраганы кабарланууда.

Жер титирөө Крит аралынан тышкары туристтер көп барган Санторини аралында, Түркиянын түштүк-батышындагы Датча шаарында да сезилди.

Түркиянын "Хүрриет" гезити жер титирөө аймактагы жергиликтүү тургундар арасында кооптонууларга жол ачканын, бирок курмандыктар тууралуу маалымат жоктугун жазды.

Европа жана Жер ортолук деңизи боюнча сейсмологиялык борбор жана АКШнын геология борбору билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Криттеги Трапсано айылынан түндүктү көздөй жети чакырым алыстыкта жайгашкан жана ал жакта силкинүүнүн күчү 6 баллга жетти.

Бул чөлкөмдө жер титирөө тез катталып турат. 2020-жылдын октябрь айында Эгей деңизиндеги 7 баллдык жер титирөөдөн Түркиянын Измир шаарында 37 киши, Грекиянын Самос аралында эки өспүрүм каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG