Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

COVID-19 адам өмүрүнүн орточо узактыгын кыскартып койду


Босниянын Сараево шаарындагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган оорукана, 24-сентябрь 2021-жыл.
Босниянын Сараево шаарындагы коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган оорукана, 24-сентябрь 2021-жыл.

COVID-19 пандемиясы Дүйнөлүк экинчи согуштан бери биринчи жолу адам өмүрүнүн орточо узактыгынын төмөндөшүнө себепчи болду. Мындай жаңы изилдөө 27-сентябрда Эл аралык эпидемиология журналына жарыяланды.

Европадан АКШ жана Чилиге чейинки 29 мамлекеттеги кырдаалды талдаган бул изилдөө орточо өмүр узактыгын жогорулатуу боюнча көптөн берки иш-аракеттер бир топ жылга артка кеткенин көрсөттү.

Маселен, 22 мамлекетте орточо өмүр узактыгы 2019-жылга салыштырмалуу 6 айга кыскарган. Аялдарга салыштырмалуу эркектер арасында өлүм көбөйгөн. Эркектердин орточо өмүр узактыгы 11 өлкөдө, аялдардыкы 8 өлкөдө бир жылга кыскарган.

Эркектердин арасында эң начар көрсөткүч АКШда катталды. Бул өлкөдө эркектердин орточо өмүр узактыгы 2019-жылга салыштырмалуу 2,2 жылга, экинчи саптагы Литвада 1,7 жылга кыскарган.

АКШда 60 жашка чейинки эркектер арасында өлүм көп катталса, Европада тескерисинче 60 жаштан өйдөңкү жарандар арасында жоготуу көбөйгөн.

"COVID-19 пандемиясы 2020-жылы өлүмдүн өтө көбөйүшүнө себеп болду. Мындай көрсөткүч Батыш Европада Дүйнөлүк экинчи согуштан бери, Чыгыш Европада Советтер союзунун ыдырагандан бери каттала элек болчу", - деп айтылат изилдөөдө.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, өпкөнү сезгенткен коронавирус инфекциясынан улам дүйнөдө 4,7 миллион адам көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG