Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Түркияда Алтай элдеринин симпозиуму өтүп жатат


Алтай элдеринин симпозиму. Бурса шаары. 27-сентябрь.
Алтай элдеринин симпозиму. Бурса шаары. 27-сентябрь.

Түркиянын Бурса шаарындагы "Панорама 1326" музейинде Алтай элдеринин IX эл аралык симпозиуму башталды.

Быйыл симпозиум "Эпостор жана эпикалык маданият" темасында өтүп жатат. Маданий иш-чаранын биринчи күнүндө Кыргызстандан барган манасчылар "Манас" эпосунан үзүндү айтышты. Ошондой эле, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Жапония, Монголия, Индия, Азербайжан, Венгрия жана Испания сыяктуу өлкөлөрдөн 80 илимпоз өз эмгектери менен катышууда.
Илимий жыйын 30-сентябрга чейин Бурса шаарында уланат.

Алтай таануу жыйындары буга чейин Бишкек, Стамбул, Сеул, Анталия, Улан-Батор жана Ысык-Көлдө өтүп келген. 2018-жылы Алтай таануу боюнча эл аралык туруктуу жыйындын (ПИАК) 61-отуруму уюшулган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG