Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

Кой-Таш окуясы боюнча сот 29-сентябрга жылдырылды


Архивдик сүрөт. Фарид Ниязов, Алмазбек Атамбаев, Канат Сагынбаев сот залында.
Архивдик сүрөт. Фарид Ниязов, Алмазбек Атамбаев, Канат Сагынбаев сот залында.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча өтүп жаткан сотко мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Равшан Жээнбеков сотко алынып келди.

Айыпталгандардын бири Равшан Жээнбеков сот залы тар болуп жатканын, санитардык талаптарга жооп бербегенин эске алып ишти ачык, кенен имаратта өткөрүүнү талап кылды.

"Пандемияны эске алып Кой-Таш окуясын караган сот үчүн санитардык талапка жооп берчү имарат бөлүүнү талап кылам. Мамлекет жок дегенде цирктин имаратын бөлүп берсин. Кой-Таш окуясы - бул цирк”, - деди ал.

Бул жолку сот отуруму адвокаттын жоктугунан улам 29-сентябрда уланмай болду.

Апрель айынан бери токтоп турган соттук жараян 13-сентябрда уланмак. Бирок ишти караган судья Азирет Медеров ооруп калгандыгына байланыштуу болбой калган. Андан кийин олтурум 20-сентябрга белгиленип, айыпталуучулар жана адвокаттардын толук келбегенинен 27-сентябрга белгиленген.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президентти кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага да айып коюлган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG