Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Чек арадагы Максат жана Жаштык айылдарына таза суу тартылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек районунун Жаштык жана Максат айылына таза суу куурларын орнотуу боюнча курулуш компаниялар менен жергиликтүү өз алдына башкаруу органдары 27-сентябрда келишимге кол койду.

Курулуш жумуштары жакынкы күндөрү башталып, бир жылдын ичинде аяктайт. Эки айылда 32 чакырым суу түтүктөрү орнотулуп, 4500 адам суу менен камсыз болот.

Бул эки айылга таза суу киргизүү АРИС аркылуу "Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашат.

Долбоор жалпысынан Баткен облусунун 44 айылын камтыйт. Долбоордо таза суу кирген ар бир үйгө суу өлчөгүчтөрүн орнотуу каралган.

2020-жылдагы маалымат боюнча республикада 653 айыл таза сууга муктаж, алардын 390у мурда таза суу болбогон айылдар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG